-Президенттикке 63 талапкер ат салышты. Бул эмнени билдирет? Кыргызда кыйындар  көппү же амбициясы ашкандарбы?

-Мен президенттикке аттангандардын айрымдарын көрүп, иренжип отурам. Кыргызстанда өзүнүн деңгээлин билбеген адамдар бар экен. Ошон үчүн уялбай-этпей эле президенттик такка ашыгып жатышат. Чынында президенттик кызмат кой кайтаргандай жумуш эмес да. Ал даражалуу кызмат. Анын баркын, баасын кетирип, акыбалына карабай каттоодон өткөндөр көп болду. Ачыгын айтсак, президент болот элем деп чамынгандар БШК койгон талапты аткарып,  30 миң кол топтоп, күрөөгө койчу каражатты таба алаарын Кудай билет. Күрөөгө тийиштүү каражатты төк дегенде көпчүлүгү талапкерлигин алып салышат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити