Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин пленардык жыйынында юрист Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде өткөн 4-октябрдагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз менчикке ээ болгон бай адамдардын бийликке келишине шарт түзгөн.

Алиев өкмөт башчылар кыска убакыт сайын алмашканы жамааттык жоопкерчиликсиздигинен болгонун айтат.

"Жай айындагы коронавирустун күч алышы, адамдардын каза болгондугуна эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Мунун баары ушул Конституциянын аркасында болуп жатат", - деди ал.

Булак: Кабар