Кыргызстанда президенттик шайлоо саналуулар үчүн өлкөдөгү эң жогорку бийликтин башына келүүгө аракет болсо, талапкер болом дегендердин көпчүлүгү үчүн жөн гана «атың чыкпаса, жер өрттө» дегендей өздөрүн таанытуунун, пиар кылуунун эле бир жолу. Аларга шайлоочулар эмес, өздөрүнүн туугандары деле толук добуштарын беришпейт. Аны өздөрү деле жакшы билишет. Бирок эл оозунда болуп, бюллетенге жазылып, өмүр таржымалында «президенттикке талапкер болгон» деп жүрсө, анын эмнеси жаман?
Эми кээ бирлер президенттикке талапкер болуу менен өздөрүнүн жеке, меркантилдик кызыкчылыктарына жетишүүнү көздөп калышканбы деген ойго келдик. Президенттикке талапкер болууга арызын бергендердин бири, ЖК депутаты Самат Ибраев тууралуу ошондой ойдо калдык. Биз билгенден Самат мырзанын андай деле дымагы жок. ЖК депутаты болуп алса, ошого каниет кылчулардан. Анда эмнеге президент болгусу келип калды?
Маселе анын 500 млн. сомдон ашык каражатты кымырап алган деп айыпталып, өлкөдөн качып кетип, Болгариядан кармалып келген уулунда болуп аткан окшобойбу. Учурда кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу тергөө абагында кармалууда. Уулун абактан чыгарып алуу үчүн атасы болгон аракетин кылып аткандыгы талашсыз. Сыягы, мындай кадам менен Самат Ибраев негизги талапкер менен соодалашуу аркылуу уулунун абалын жеңилдетүүнү көздөп жаткандай. Бизде адатта талапкер болушуп, анан негизги талапкердин пайдасына күрөштөн четтеп кетишет эмеспи. Андыктан эртең шайлоонун расмий бөлүгүнө чейин талапкерлигин алып салса, ага таң калбайлы.
Булак: “Майдан. kg” гезити