Мурдагы башпрокурор жана Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова журналист Нарын Айыпка берген маегинде 2010-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын мыйзамдуулугун жокко чыгарып, мындай акыбалдын жаралышына Текебаев менен Отунбаеваны күнөөлөгөн. 

"2010-жылдагы Конституция дагы өтө шашылыш кабыл алынган, жыйынтыгында, сот системасын башы жок калды, а Убактылуу өкмөт Конституциялык сотту Жогорку соттун алдындагы палатага айлантып, абийирсиздик кылышты. Анткени, Конституциялык соттун ошол убакта ыйгарым укугу бар болчу - Текебаев, Атамбаев жана Отунбаеванын бийликке келишинин мыйзамдуулугун карап, баа бере алмак . Конституциялык сот 2010-жылы президент канчалык деңгээлде конституциялык жактан туура шайланды деген текшерүүгө укуктуу эле. 

Акыркы жылдары Жогорку сот да такыр башка түзүмг айланды. Мисалы, көптөгөн чечимдер Жогорку Соттун "үчилтигинин"  - үч судьядан турган коллегиянын атынан кабыл алынат, алардын чечими андан ары арызданууга жатпайт. Алардын чечимин жокко чыгара алчу Жогорку соттун президиуму азыр жок, Жогорку соттун пленуму дагы азыр иш карабайт. А бул "үчөө" көбүнчө такыр түшүнүксүз чечимдерди кабыл алышат", - деди Баекова. 

Ошондой эле, ал Текебаев 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны сыймык менен белгилеп жатканына токтолуп, бирок ал Башмыйзамда аңтар-теңтер түшкөн көп жагдайлар бардыгын айткан. Айрыкча, сот системасы башы жок калганын, эл алдында жоопкерчиликти эч ким албай турганын, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бул жаатты кандайдыр бир жоопкерчиликтүүлүккө алып келүү үчүн дайыма издөөдө болгонун, бирок анын аракетинин аягына чыгышына жан-жөкөрлөрү тоскоолдук жаратканын белгилеген.