Учурда соцтармакта: “Ташиевдин үй-бүлөсү кызарган жердин баарын баса калып, ач көздөнүп, элдин кыжырын кайнатып жатат”, “эми революция болсо ушул Ташиев үчүн болот” - таризинде буйрутма посттор жарыялана баштады.
Эл чындыкты билиши керек! Ошол максатта бүгүн Камчыбек Ташиевди каралоонун артында кимдер тургандыгын ачыктап коюушубуз зарыл. Өзүңүздөргө маалым болгондой, К.Ташиев УКМКга жетекчи болуп келгенден кийин коррупцияга, кримчөйрөнүн таасирдүү мүчөлөрүнө катуу күрөш жүрө баштады. Эл байлыгын уурдап байыгандар, бандиттер, УКТ мүчөлөрү өздөрүнүн башынан сур булут айлана баштаганын сезишүүдө. Алар бүт күчү менен Ташиевдин аракеттерине каршылык көрсөтүүдө.
Конкреттүү фамилияларды дагы айтып өтсөк. Ташиевге каршы чабуулдун сап башында “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасы Рашид Бостонов турат. Канчалаган жылдардан бери бул ишкананы жетектеп, уурдап-тоногон былыктары ачыкталды. Эртеңки күнү камаларын жакшы билет. Анын орун басары – Таалайбек Рысалиевди К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары билишет, каймана аты – “Моби”. Дагы бир Көлбаевдин УКТсында Жалал-Абад областы боюнча “смотрящий” болуп жүргөн Эрнис Мурзахмедов да Бостоновдун буйрутмасын аткарып жүрөт, каймана аты – “Чач”.
Буларга жакынкы күндөрдөн бери ИИМ министри Улан Ниязбеков кошулду. Себеби, “Чачты” курулуш материалдарын сатуу менена алектенген ишкерден акча өндүрүү аракети үчүн эки жолу кармап, камаш керек болгондо дал ушул У.Ниязбеков команда берип сактап калган. Конкреттүү кимдерге команда берилгени да так, даана белгилүү (керек десеңер, алардын аттарын дагы ачыктайбыз). Бул окуялар 10-17-ноябрь аралыгында орун алды.
Суроо туулат – эмнеге Улан Ниязбеков ИИМ жетекчиси болуп туруп УКТ мүчөлөрүнө жардам берип жатат? Анткени, биз өйдөдө сөз болгон Көлбаевдин УКТсынын активдүү мүчөсү Таалайбек Рысалиев (“Моби”) министрдин жердеши, ошондуктан ага акча берип, өзүнө “крыша” кылып алган.
Ушул окуялардан кийин жөнөкөй элдердин талабы жана суранычы боюнча “Чачтын” ишин МУКК Башкы прокуратура аркылуу өзүнө алдырды. Демек, Бостоновдор, анын орун басары “Моби” сөзсүз мыйзамдуу жазасын алат, жегенин ашыгы менен кусуп беришет. “Чачка” да кезек келди, камалат. Мына ушулардын баарына көмөк көрсөткөн ИИМ башчысы У.Ниязбеков жөн гана кызматтан кетпестен, мыйзам алдында жазаланышы кажет. Булардын натыйжасында эл дагы тынч жашап калат, анткени ушул уюшкан топ канчалаган жылдар менен элди кордукка салып келди. Коррупционерлер жазаланат, анан да, “Кыргызнефтегаз” аркылуу элдин мүлкүн талап-тоноого чекит коюлат.
Башында айткандай, булар канчалык аракет кылып, Ташиевди жамандабасын, ал аракети суу кечпейт. Анткени, эл кимдин-ким экенин жакшы билет. Ташиев элдин талабын аткарып келе жатат, буга чейин элге бир да зыяны тийген эмес. Тескерисинче, эл-жер үчүн күйүп-бышып, элдик баатырга айланган.
“БИЙЛИК – ЭЛГЕ, УУРУЛАР – ТҮРМӨГӨ!”.
(Интернеттен алынды)