Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигине Камчыбек Ташиевдин келгенден берки жасап жаткан иштери коомчулук, карапайым эл тарабынан колдоого алынып жатат. Коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыныгы күрөш башталды. Билесиз да, өлкөнү эгемендик алгандан бери талап-тоноп көнүп калган, мындан ары да бул арам аракеттерин уланткысы келген адамдардын колунда эбегейсиз акча каражаттары бар. Алар азыр соцтармактарда миңдеген аккаунттарды жалдап, гезит, телерадиого акчасын аябай чачып, өз жанын сактап калууну көздөшүүдө. Экинчи жагынан, элди, жеке ишкерлерди эзип келе жаткан ОПГ мүчөлөрүнө да кыйын күндөр башталды. Бандиттик-криминалдык топтор да уюшкандыкта Ташиевге каршы чабуул коюп жатышат.

Мына ошондой элдин мүдөөсүнө багытталган күрөштө ИИМ да Ташиевдин иш-аракетине колдоо көрсөтүшү керек эле. Бирок, бүгүнкү күндө ИИМ башчысы Улан Ниязбеков таптакыр тескери жолго түшүп алды. Ачыгын айтканда, У.Ниязбеков Ташиев кууп, камап жаткан уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын коргоого алып, элдик ишке каршы чыгууда. Ал ачык эле Ташиевге бут тосууда. Ошондуктан, Ташиев менен Ниязбековдун ортосунда айыгышкан тиреш башталды.

Эми акыйкаттык ким тарапта, түшүнүп турасыздар да. ОПГны колдогон Улан Ниязбековдун бир секунда да ИИМ министри болуп олтурганга акысы жок!

Интернеттен алынды