-Калыстык үчүн баса белгилеп кетиш керек, парламенттик система менен партиялык башкаруу система - эки башка категория.  Акыркы күндөрү айрым саятсатчылар "Садыр Жапаров супер президенттик башкаруу системасын алып келет экен, бул демократиядан артка кайтуу, парламенттик башкарууну жоет деп ... ж.б.” деп туура эмес маалыматты элге таратып жатышат.  Мунун баары калп жана калктын сезимин манипуляциялоо. Биринчиден, Садыр Жапаров эч качан суперпрезиденттик системаны орнотом деген эмес. Экинчиден,  С.Жапаров айтты: "Эл курултай системасын сунуштап атат, бизге партиялык башкаруу система жарабайт экен, депутаттарды тикелей түз шайлайлы (Конституцияда жазылгандай)".

Үчүнчүдөн, эгерде Баш мыйзамга  курултай системасы  киргизилсе, анда:

- Премьер-министр кызматы аппараты менен толук жоюулуп, өлкө жоопкерчилиги эл шайлаган Президентке толук жүктөлүп, жеке жоопкерчилигин көтөрөт;

- Жогорку Кеңештин курамын 41 (45) адам менен чектеп, саясий оюндардын уюугуна айланбай,  жалаң мыйзам кабыл алуу  гана милдеттендирилет;

 - Кол  тийбестик деген өлкө боюнча толук жоюлат;

- Президент, Жогорку Сот, Жогорку Кеңеш, Эсептөө Палатасы, Башкы прокуратура жылына бир жолу элге, эл шайланган Элдик Курултайга (1,5-2 миң делегатка онлайн режимде бир-эки жума отчет беришет) өз иштерине жооп берип, "канаатандырылсын" же "канаатандырылбасын" деген баа алуусун Элдик Баш мыйзамга бекитип, Кыргызстан элине өлкө башкарууга жигердүү катышканга жол ачып бермейинче мамлекетибиздин абалын эч ким оңой албаганын баса белгилейбиз (бул демократия эмеспи? Бул демократиянын демократиясы деп эсептесе болот. Элдик бийлик орноп атат!).

Төртүнчүдөн, супер президенттик эмес эле парламенттик башкаруу болот, эгерде Элдик Курултайды  эл өкүлү деп эсептесек.

Бешинчиден, президент+премьер- министр бир адам болсо да жылына элдин астында жооп берет Курултайга. 

Алтынчыдан, эл ишине карап президентти  ж.б. бийликте отургандарды кетире алат.

Жетинчиден, азыр болсо жоопкерчилик жок. Партияны жамынып алып итпай-чотпайлар, коррупционерлер   (атасы, баласы, небереси) ЖКга келет, депутаттар, өкмөт, президент элге отчет бербейт, аларды кетириш татаал, бийликтин бутактарынын ортосунда соодалашуу бар, элге толугу менен баш ийишпейт . Ошон үчүн, Садыр Жапаровдун байлардын, уурулардын мамлекеттик саясий түзүлүшүн, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү керек деп айтканы туура.

 Элдик Баш мыйзам аркылуу - Элдик бийлик орнотуу керек!

Булак: “Майдан. kg” гезити