12-ноябрда Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышуу максатында, президенттин ыйгарым укуктарын жана премьер-министрликти тапшыруу алдында маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынына жалпысынан 234 журналист каттоодон өттү, алардын арасында атамекендик жана эл аралык басылмалардын өкүлдөрү болду.

Журналисттер президенттин милдетин аткаруучуга саясаттан баштап күнүмдүк көйгөйлөрдү көтөргөн суроолорду беришти.

Конституциялык реформа тууралуу берилген суроого Садыр Жапаров бул элдин талабы экенин белгиледи.

"Конституциялык реформа элдин талабы менен ишке ашырылат, менин талабым эмес. Адистер долбоорду даярдашууда. Анда элдин да, бардык саясий күчтөрдүн да талабы эске алынаарын билдиришти. Мага жеткен маалыматтарга караганда, 35 бир мандаттуу, ал эми 55 партиялык тизме менен болсун деген сунуш каралып жатат. Ошондо, депутаттардын саны 90го жетет. Мыйзам долбоор талкууланат, бир дагы беренеси, сунуштар элден жаап-жашырылбайт, баары түз эфир аркылуу жарыя болуп турат. Конституциялык реформа болсо эле диктатура орнойт деген ойдон алыс болуш керек".

Өлкөдө экономикалык абал кандай деген суроого Садыр Жапаров баары акырындык менен өйдөгө көтөрүлөөрүн белгиледи.

"Өлкөдө экономикалык абал өтө жакшы же жаман деп да айта албайм. Орточо деп айтам. Пенсия, айлык акы жана жөлөк пулдар жыл соңуна чейин убагында төлөнөт. Бул жылдын башында бекитилген  беренелер боюнча беребиз. Эч кандай кармалбайт”.

 Акыйкатсыздыктан улам ак жерден айыпка жыгылып, абакка кесилген жарандардын маселеси кимди түйшөлдүрөт? Карапайым эне-аталар темир тор артына күнөөсүз жерден күнөөлүү болуп кеткен балдарын чыгарып алууга арга таппай жүрүшөт, а бийлик буга кандай карайт? Ушундай маанидеги суроого президенттин милдетин аткаруучу өзү да акыйкатсыздыкка кабылганын жана бул жааттагы  жабырлануучуларды баарынан жакшы түшүнөөрүн белгиледи.

"Мен камалгандан кийин бийлик менен соодалашуу жүрө баштады. Позициямдан кайтышымды талап кылышты. Мен макул болгон жокмун. Алты-жети ай өткөндөн кийин бир тууган эжем Райкүлдү СИЗО-1ге камап коюшту. Эч кандай себеби жок эле. Анан мага айттырышты: "Позицияңдан кайтсаң, эжеңди да, сени да чыгарабыз", - деп. Анда да көнгөн жокмун. 21 күн өткөндөн кийин эжемди камаган сот кайра өзү чечими менен абактан чыгарып койду. Куугунтукту жон терим менен сезгеним үчүн азыр эч кимди саясий куугунтукка албагыла деп жатам. Ырайым берүүгө президенттин милдетин аткаруучунун толук укугу бар, жакында бир топ адам абактардан бошотулат.

Абактагы  3 жыл ичинде  карапайым элден чыгып, адилетсиздиктен темир тор артына кеткен жүз чакты адамга жардам бердим. Аларга акыйкатчыга, Жогорку Кеңешке кат жазууга жардам берип, эркиндикке чыгууларына себепчи болдум. 

Миңдеген балдар жөн жерден отурушат. Мен элге таанылган адам болгонум үчүн акыйкатсыз камалганым коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жатты. Мен сыяктуу жөн жерден отурган миңдеген балдар бар. Алардын баары карапайым калктын балдары, бир дагы аткаминердин баласы жок. Эмне себептен күнөөсүз күнөөлөнгөндөр көп? Мисалы, бир ички иштер башкармалыгында беш кызматкер иштейт дейли, анын үчөө кылмыштардын бетин ачышып, жыйынтык көрсөтүшөт. Ал эми экөө андай кыла алышпайт. Жетекчи экөөнө сын айтат, эмнеге силер кылмыштын бетин ача албай жатасыңар деген. Анан экөө чыгат да, жөн жүргөн бирөөнүн чөнтөгүнө бир зат сала коет же дагы бир жалаа жаба коюп, моюнуна алдырып туруп, кестирип жиберишет. Ошондуктан, мен азыр айтып жатам, жыйынтык дегенди жоюу керек деп. Тартип сакчылары элдин тынчтыгын камсыздап жатышат, кылмыштарды алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, мына ушул кылгандары үчүн айлык алышат. Кылмыш таап, аны ачуу сөзсүз түрдө шарт эмес.

Учурда ырайым берүү комиссиясында 2000ге жакын соттолуучулардын арызы каралып жатат. Алар кош бойлуу аялдар, 3 жашка чейинки балдары менен чогуу мөөнөтүн өтөп жаткандар жана 3 жаштан ашкан балдары балдар үйүндө тарбияланып жаткандар. Арасында оор кылмыш кылгандар, киши өлтүргөндөр, рецидивисттер жана кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрү жок". 

Мурдагы вице-премьер- министр Эркин Асрандиев 6-октябрдан кийин келген бийлик менен иштешүүдөн баш тартып кеткени маалым. Андан кийин ал Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарованын Ысык-Көл банкында иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыздыкка барганы тууралуу билдирүү тараткан. Президенттин милдетин аткаруучуга мурдагы вице-премьер-министрдин билдирүүсү тууралуу да суроо берилди.

"Мен бийликке келген биринчи эле күнү Эркин Асрандиев менен Санжар Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министрликке сунуштагам. Бирок Асрандиев баш тартты, андан кийин Муканбетов да баш тартты, аягында бул кызмат Артем Новиковго тийди. Эркин Асрандиевдин билдирүүсүн окудум, эжемди банкты жетектеп, андан кийин акча чыгарып кеткен деген экен. Ал толук маалыматы жок эле, мага оппонент болгону үчүн ушундай маалымат таратканы белгилүү болуп калды. Эжеме ачылган кылмыш иши заказ менен ачылган. Кааласаңыздар, кылмыш ишинин көчүрмөсүн берейин, өзүңөр окуп, билесиңер. Мен абакта отурганда үй-бүлөм, бир туугандарым, ал турмак жакын досторум да куугунтукка кабылышкан, айрымдары анын айынан чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын арасында эжем Райкүл Жапарова да бар".

Кыргызстандагы кен байлыктарды иштетүү тармагындагы компаниялардын мындан аркы тагдыры кандай болот? Темир кенине бай Жетим-Тоо карыз үчүн Кытайга карматылабы? Бул суроолорго Садыр Жапаров компаниялар ишмердүүлүгүн улантаарын жана Жетим-Тоонун бир ташы да башкаларга берилбей турганын белгиледи.

 "Жетим-Тоонун ташын да бербейбиз. Кытайдын карызынан башка жол менен кутулабыз. Мен "Кумтөр" мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деп эки жолу соттолдум. Башка кен байлыктарды иштетүүдө "Кумтөрдүн" катасын кайталабашыбыз керек. Жетим-Тоодо темирдин 5 миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул 50 миллиард доллардын тегерегиндеги чийки зат. Элден жашырып болбойт, карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоодогу чийки затты берүү варианты да айтылган. Бирок анда аны иштетүүдө бир дагы башка өлкөлөрдүн компаниялары катышпайт. Пайыз бөлүштүрүү болбойт. Өзүбүз гана жарандарыбыз менен иштетип, чийки затты чек арага чейин жеткирип баруу тууралуу айтылган. Мисалы, Кара-Кеченин чекесинен көмүр алып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Жетим-Тоону да четинен чийки затты алып, эл аралык баа менен баалап, карыздан кутулуу мүмкүн. Чийки зат менен эле бир жылда бир миллиард долларды төлөп коебуз. Бул эми карыздан кутулуунун бир варианты. Андан башка да эки-үч вариант бар", - деди президенттин милдетин аткаруучу. 

Саясий куугунтук жана атаандаштарынан темир тор аркылуу өч алуу. Кыргызстанда дайыма болуп келген адатка айланган мындай көрүнүш мындан ары болбой турганын Садыр Жапаров билдирди.

“Саясий куугунтуктун азабын мен жакшы билем. Андыктан мындан ары эч кимге саясий негизде куугунтук болбойт. Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуштагам, бирок күч органдарынын чечимине кирише албайм”.

Ал эми чек ара кызматынын УКМКга кошулганын  Садыр Жапаров чек ара маселесинин тез арада чечилүүсүнө башкы негиз болуп берет деп эсептейт.

“Чек ара кызматын УКМКга өткөрүү чечимин кабыл алдык. Мындан мамлекетке зыян тийбейт, тескерисинче чек арачылардын айлык акысы көтөрүлөт. Ага 2 миллиард сомдун тегерегиндеги кошумча каражат керектелери эсептелинген жана каражат булагы табылган. КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик баарында чек ара кызматы коопсуздук кызматынын курамында турат. Чек ара маселеси Кудай буйруса чечилет. 30 жылдан бери чечилбей, талаш-тартыштар болуп келатат. Коңшу мамлекеттердин айтуусуна караганда, маселенин чечилишинин создуктурулушу бизден, Кыргызстандын бийлиги тарабынан болуп жатыптыр. Эми чечилет”,  - деп сөзүн жыйынтыктады президенттин милдетин аткаруучу.

Булак: “Майдан. kg” гезити