Текебаев дегенде эмне эске келет? Ооба, кыйын саясатчы, бирок ошол эле маалда саясаттагы саткынчылык, ашынган соодагерчилик дегендин дагы айныгыс символикасы экенин ким гана билбейт. Мына ушул «Ыйык символика» кайра да сахнага жарк этип чыга келди. Эриксе керек. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча тескери ушатып баштады. Анын айтуусуна ишенсек азыркы жаңы долбоор жарабайт экен. Анын логикасына таянсак өзү жазып, өлкөнү ушул абалга алып келген Башмыйзамы кынтыксыз имиш. Анын чебелектеп, оозунан көбүк агызганча жан сабап атканын деле  түшүнүп жатабыз. Анткени, жаңы долбоор ал “тууп” чыккан Башмыйзамдагы катачылыктарды оңдоп жатпайбы. Деги ушул киши ар качан мезгил мезгили менен өзгөрө бермейин токтотподу. Карып деле баратат. Кадырын сактаса болмок, аттиң