«Кыргыз Республикасынын премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Ушул эле буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдеттерин аткаруу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлдү.

Булак: Кабар