Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун 
кайрылуусу:

"Урматтуу мекендештерим,

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өлкөбүздө президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Мен да өз бактымды сынап, бүгүн президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бердим, ошого байланыштуу сиздерге кайрылып олтурам.

  2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик  шайлоодогу мыйзам бузуулар 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордун келип чыгышына себеп болду.

Бишкекте жана башка аймактарда нааразычылык акцияларга миңдеген адамдар катышты. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү, президенттин отставкасын катуу талап кылышты.

Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга аргасыз болду.

Элдин талабы боюнча мурдагы Өкмөт отставкага кетти жана өлкө  Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан чегинди.

Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок.

Бул жеңиш - жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен  аткарылууда.

  Ошол эле учурда, урматтуу мекендештер, алдыбызда олуттуу жана жооптуу маселелер бар.

Биринчи.  Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда. 

Жакынкы күндөрү Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин же конституциялык кеңешменин кароосуна берилет.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат.

Жаңы Конституциянын долбоору эл тарабынан колдоого ээ болсо, өлкөдө башкаруунун жаңы системасы түзүлөт.

Экинчи. Келерки парламенттик шайлоолорду конституциялык реформалар аяктагандан кийин, 2021-жылдын март-май айларында өткөрүү болжолдонууда.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам кабыл алып, мен ага кол койгом.

Мындан тышкары, тийиштүү шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары форма-2 деген болбойт. Шайлоонун күрөөсү менен босоголук чегин ылдыйлаттык.

Бул элдин талабы болчу, биз аны аткардык!

Кийинки парламенттик шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы ишке ашырат.

Үчүнчү. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурдагы Президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. 

Урматтуу мекендештерим,

Ушуга байланыштуу мен өлкө Президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим.

Учурдан пайдаланып, менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, коомдук ишмерлерге, жарандык коомго, медиа тармагына, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө рахмат айтам.

Мага саясий кырдаалга байланыштуу, ар кандай саясий күчтөрдүн басымына карабастан бир эмес, үч ирет ишеним көрсөтүп келген Жогорку Кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирип, рахмат айтам. Мындан тышкары, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине терең ыраазылык билдирем. 

Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин  урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда – суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга, айыл-айылга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли.

Ар бирибиз үчүн элибиздин тынчтыгы, коомубуздун ынтымагы жеке мансаптан бийик болушу керек.

Шайлоонун шары менен амбицияга алдырып, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин бекемдигине доо кетирбейли.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тагдыры саясаттын курмандыгы болбош керек.

Биз баарыбыз кыргызстандыкпыз!

Биз - бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз!

Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок, көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал – сүйүктүү Мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечеги.

Бардык мекендештериме бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Жергебизде тынчтык, эл ичинде биримдик, ынтымак-ырашкерлик болсун.

Өлкөбүз гүлдөп өнүксүн!

Биздин ураан: Бирдиктүү эл, өнүккөн өлкө!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем".