Тагдырдын буйругу, ага жагдайдын шайкеш  келиши   менен саясатчыга мамлекеттик эң чоң кызматтын тийүүсү - эң чоң бийликке жана жоопкерчиликке кошо  өзүнүн саясый, инсандык, уюштуруучулук жана мекенчилдик потенциалдарын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген эң чоң шанс да болуп саналат. Андай шанс пенделердин бардыгына эле бериле бербейт, татыктуулардын көпчүлүгүнө деле тийбейт. Ошондуктан андай шансты көздүн карегиндей барктап, аздектеп, ага татыктуу болгонго аракеттенүү керек.

Андай  шансты Кыргызстандын мурдагы президенттери пайдаланышпады, эл атасы болгонго караганда өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнүн, топторунун жана кландарынын  атасы болгонду артык көрүштү. Андай өз ырыстарын баалагысы келбегендерди  тарых таштандысына сүрүп салды. Эми жаңы келген бийлик андай шанстан пайдалана алабы же ал да бир топтун же кландын кулу болуп, андан ары тарыхтын анналына түшүп кетеби?

Бардык бийлик жаңы келгенде өз ишин жакшы баштагансыйт, элге эң мыкты убадаларды берип, үмүттөрдү жаратат. Анан “Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?” дегендей, бир-эки жыл айланбай эле мурдагылардын жолуна түшүп кетүүсү Кыргызстан үчүн салтка айланып калды. Ошон үчүн элдин көпчүлүгү  жаңы бийликтегилердин аракеттерине, убадаларына өзгөчө ишеним артпайт,  “сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, шектенүү менен карап турушат. Кыргызстандыктар сүткө бир же эки жолу эмес, төрт-беш жолу  ооздорун күйгүзүшкөндүктөн  көбүбүз  скептик болуп калганбыз. Эл арасындагы андай шектенүүчүлүктү тезирээк жоюп, көпчүлүктү өздөрүнүн тилектештерине, талапташтарына айландыруу үчүн азыркы бийликтегилер бардык тармактарда чечкиндүү аракеттерди, реформаларды  баштоолору зарыл. Бизге бул жагынан Грузиядагы 2004-2011- жылдары ишке ашырылган реформалар, жыйынтыктар үлгү боло алат.

Чындыгында ХХ-кылымда ХХI-кылымдын башталышында калктарын феодалдык  формациядан индустриялаштырылган коомго, үчүнчү дүйнөдөн биринчи дүйнөгө алып чыккан лидерлер аз болгон жок. Ал жагынан мурдагы СССР, Кытай, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия, Индонезия, Чили, Түркия, Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдүн кыска убакыттын ичинде экономикалык, социалдык, технологиялык жактардан жетишкендери ар тараптан терең үйрөнүп, иликтегенге арзыйт. Бирок биз үчүн саясый, экономикалык жана менталдык жактардан Грузиянын  шарттары, тажрыйбасы жакын болгондуктан ошонун тажрыйбасы жөнүндө сөз кылабыз, ошону үлгү кылган туура болот деcем жаңылышпайм.

Жапаров Саакашвилидей добуш ала алабы?

Эдуард Шеварднадзененин тушунда (1992-2003-жж.) Грузия экономикалык жактан эң артта калган, жылдык бюджети 500 миллион долларга жакын, мамлекеттик башкаруу органдары башынан аягына чейин коррупцияланышкан, жумушсуздук 70 пайызга жеткен, экономикалык жылдык өсүш жокко эсеге айланган,  өлкөнү иш жүзүндө кландар, криминалдуу кылмыштуу топтор башкарган мамлекет болгон. Кыргызстанда азыр “мыйзамдагы ууру” деген наамы бар бир адам болсо, ал убакта Грузияда “мыйзамдагы уурулардын саны 20дан ашкан. Өлкөдөгү майлуу-сүттүү  жерлердин көпчүлүгү президенттин үй-бүлөсүнүн, күйөө баласынын, жакындарынын, алардын досторунун колдорунда болгон.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмалангандыктан  М.Саакашвили баштаган “розачылар”  2003-жылы 3-ноябрда парламенттин имаратын басып алышкан. 2003-жылы 23-ноябрда Э.Шеварднадзе отставкага кетсе, 2004-жылы 4-январдагы шайлоодо  анын ордуна добуштардын 96 пайызын алган Михаил Саакашвили келгенден кийин мамлекетте мыйзамдуулукту, тартипти орнотуу, реформалоо боюнча чечкиндүү чаралар башталган. Адегенде эле коррупцияны ооздуктоого негизги басым жасалган. Мында жазалоочу чаралар менен алдын алуу чаралары айкалыштырылып жүргүзүлгөн.

Михаил Саакашвилинин реформалары

1.Укук коргоо органдары боюнча

М.Саакашвили мамлекеттик органдарды реформалоону  адегенде эле  укук коргоо органдарынан баштаган. Ал МАИни жоюп, Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук министрлигин бириктирип, америкалык типтеги облустук деңгээлде ыйгарымы бар полициялык патрулдук кызматты түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өрткө каршы күрөшүү кызматын модернизациялап, укук коргоо органдарынын бирдиктүү маалыматтык базасын түзгөн. Калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын бардыгында “бир терезе” ыкмасын киргизген. Азыр Грузияда паспортту бир күндө деле алса болот.

2004-жылы 24-июнда “Уюшкан кылмыштуулук жана рекет-“мыйзамдагы ууру” институтун жоюу” жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, “мыйзамдагы уурулар” эч качан эркиндикте жүрүшпөйт. Ошондой наамы барлардын баары камака алынган. Грузияда ошол убакта 20га жакын “мыйзамдагы ууру” болсо алардын көбү камалган, калгандары башка өлкөлөргө качып кетишкен. Кылмыш-процессуалдык Кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кылмыш жөнүндө  маалыматтардын бардыгы алдын ала тергөө иштерин жүргүзүүгө негиз боло алат. Биздегидей “жабырлануучунун арызы  керек” деген түшүнүк жок.

Адам укуктарынын бузулуусуна жол бербөө үчүн Башкы прокуратурада алдын ала иликтөө жүргүзүү  штаттары көбөйтүлүп, алдын ала тергөө иштеринин мөөнөтү 9 айдан 4 айга түшүрүлгөн. Камакта кармоо мөөнөтү 24 айдан 12 айга азайтылган. Айыпталуучу адамдын өз алдынча иликтөө жүргүзгөнгө, кандай тергөө болбосун күбө катары 2 адамды чакырганга укугу бар. Кримдүйнөнүн авторитеттери, “мыйзамдагы уурулар”  жөнөкөй кылмышкерлерге аралаштырылбайт, алар жазаларын өзүнчө жайда өтөшөт.

Мындай чаралар алардын нааразылыктарын жараткан. Алар 2006-жылы мартта түрмөлөрдө башаламандык уюштурушканда аёосуз басылып, эрктеринен ажыратылган 11 адам өлгөндөн кийин андай көрүнүштөр токтогон.

Түрмөлөрдүн бардыгына видео байкоочу жабдуулар орнотулган. Андагы шарттар жакшыртылып, европалык стандартка жакындатылган. Прокуратурадан түрмөлөрдү көзөмөлдөө укугу алынган, Жазаларды аткаруу кызматында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган адамдардын иштери боюнча, камалгандардын укуктарын коргоо боюнча  департаменттер  түзүлгөн. Мындай департамент Башкы прокуратурада да бар.

Соттук реформада менчиктин кол тийгистиги, маалымат берүүчүлөрдүн коопсуздугу, айыпталуучулардын укуктарын коргоо  күчөтүлгөн. Эгерде маалымат берүүчүлөрдүн коопсуздуктарына доо кетирилсе, аларды каржылык жана моралдык жактан компенсациялоо каралган. Судьяларды өмүр бою дайындоо киргизилип, айлыктары жана пенсиялары кескин көбөйтүлгөн.

2.Мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча

Министрликтердин саны 18ден 13кө, мамлекеттик кызматтардын саны 52ден 34кө азайтылып, министрликтерде жана ведомстволордо иштегендердин саны 35 пайызга, мамлекеттик сектордо иштегендер 50 пайызга азайтылган. Антимонополиялык кызмат жоюлган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары 15 эсе көбөйтүлүп, министрлердин маяналары 1800 долларга жеткирилген. Мурда Тбилиси мэриясында 2500 адам иштесе, реформадан кийин 800 кызматкер гана калтырылган. Айрым министрликердин, ведомстволордун кызматкерлери 3-4 эсеге чейин кыскартылган. Мисалы, Жаратылыш ресурстары боюнча  министрликте 5000 адам иштесе,1700 адам, Экономика министрлигинде 4374 адам иштесе, 600 адам ,  Токой чарба департаментинде 16994 адам иштесе, 673 адам гана калтырылган.

Мамлекеттик кызматтарга креативдүү жаш кесипкөйлөрдү, өздөрүн иш жүзүндө жакшы жактарынан көрсөткөндөрдү тартууга негизги басым жасалган. Тигил же бул ишкерликке лицензияларды жана уруксаттарды берүү “бир терезе” системасына алмаштырылган. Лицензиялоо жана уруксаттарды берүү жааттарында   жаңы талаптарды киргизүүгө тыюу салынган. “Үн катпоо-макулдук” принциби киргизилген. Уставдык капиталдын өлчөмү азайтылып, 2007-жылдан биротоло жоюлган. Жаңы ишканаларды каттоодо талап кылынчу документтер азайтылып, каттоо  мөөнөтү 1 күнгө түшүрүлүп, электрондук кол коюу ыкмасы киргизилген.

3. Экономика жана салык реформасы боюнча

Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматы бириктирилип, бир органга айландырылган.

2003-жылы өлкөдө 26 түрдүү салыктар жана төлөмдөр болсо, алар 2008-жылы алардын 6су гана калтырылган. НДС 20 пайыздан 18 пайызга, кирешелердин ар адамга прогрессивдүү салыгы 12 пайызга, таза кирешеге салык 20 пайыздан 15 пайызга түшүрүлүп, бирдиктүү киреше жана социалдык салык 20 пайыздык өлчөмдө аныкталган.

2013-жылдан тартып Экономикалык эркиндик Актысы иштей баштаган. Жалпы мамлекеттик салыктардын өлчөмдөрүн көбөйтүү жалпы элдик добуш берүү аркылуу гана кабыл алынары тууралуу норма киргизилген. Реформага ылайык, консолдидацияланган бюджеттин көлөмү ички дүң жыйымдын 30 пайызынан, бюджеттин таңсыктыгы ИДЖнын 3 пайызынан, суверендүү мамлекеттик карыз ИДЖнын 60 пайызынан ашпоосу керек. Капиталдын эркин айлануусу жөнүндө норма кабыл алынган.

Бажылык милдеттенмелер 2006-жылдын 1-сентябрынан жоюлган. Импортко жана экспортко чектөөлөр алынып салынган. Бажылык тарифтер импортко кескин азайтылып, товарлардын 90 пайызына 0 пайыз, айрым айыл чарба продукцияларына жана курулуш материалдарына 5-12 пайыздык төлөмдөр калтырылган. Бажы кампаларында метражга жараша бир гана төлөм бар. Тарифтик эмес төлөмдөрдүн баары жоюлган. Товарлар милдеттүү түрдө сертификациялануусу керек деген түшүнүк жок.

Инвестицияларга эч кандай чектөөлөр жок. Квоталардын, транзиттик төлөмдөрдүн бардыгы жоюлган. Жүздөн ашык өлкө боюнча визалык тартиптер жоюлуп, кош жарандуулук легалдаштырылган. Авто, темир жол тарифтери жөнөкөйлөштүрүлүп, “Ачык асман” принциби киргизилген. Чет элдик банктарга, резиденттер эместерге, мүлктөрдү жана жерлерди  сатып алууга жана сатууга, капиталдарды репатриациялоого, чет элдиктердин иштөөсүнө, экономикалык эркин зоналарды түзүүгө эч кандай чектөлөр жок.

 

Жыйынтыктары кандай болгон?

Сегиз жылдын ичинде өлкөнүн бюджети дээрлик 10 эсеге жакын өсүп, жалпы көлөмү 4 миллиард долларга жеткен. Айлык акылар, пенсиялык  төлөмдөр 2004-жылдан тартып, орто эсеп менен 20-22 пайыздан өсүп турган. 2003-жылы  Грузияга жалпы   көлөмү 340 миллион долларлык инвестиция тартылса, ал 2006-жылы 1 миллиард 190 миллион долларга, 2008-жылы 2 миллиард 564 миллион долларга жеткен. Өлкөдө 2004-жылы жалпы көлөмү 100 миң чарчы метрлик курулуш иштери жүзөгө ашырылса, ал 2009-жылы  1 миллион 300 миң чарчы метрге жеткен. Сырткы соода 1 миллиард 141 миллион доллардан 2008-жылы 6 миллиард 305 миллион долларга өскөн. Оор кылмыштар, автокырсыктар 3 эсеге азайган. Элдин укук коргоо органдарына карата ишеними 2003-жылдагы 5 пайыздан 2010-жылы 84 пайызга жогорулаган.

М.Саакашвили бийликтен кеткенден кийин, тилекке каршы, ал баштагандарды өздөрү билгендей кайра реформалап, өзгөртүшкөндөн,  ага каршы саясый кампанияларды уюштурушкандан улам жогоруда жетишкендиктердин айрымдары артка кеткен учурлары болгон менен негизги динамика сакталып, өлкө динамикалуу өнүгүп келатат.

Соңку сөз  жана  каалоолор

Ошентип,  Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге үлгү болорлук модель даяр. Алардын биздин шартка ылайык келгендерин алып, чечкиндүү ишке ашыруу гана керек. Менин оюмча, Экономика министрлиги,  Антимонополиялык кызмат деген сыяктуу түзүмдөрдүн кереги деле жок. Аларды тийиштүү министрликтерге башкармалык катары эле калтырса жетишет. Анан көптөн бери айтылып келаткан административдик жана аймактык реформаны баштоо керек.

Мурдагы бийликтердин чоң кемчилиги: өлкөдө ички интеграциялык күчтүү саясат жүргүзүшпөдү, титулдук этносту ойготуп, копшолткудай идея, демилге менен чыгышпады. Мамлекет тил жөнүндө мыйзамдын аткарылуусуна жетиштүү маани беришпеди. Улуттук чыгармачыл интеллигенцияны өздөрүнө тарта алышпады. Бизде адабият таптакыр унутулду. Мурдагылардын кемчиликтерин санай берсе, аягына чыгуу кыйын.  Ошондуктан  негиздүүлөрүн гана айтсак, мамлекеттин тилдин жана титулдук этностун маданиятынын базасында Кыргызстандын элдерин ичтен интеграциялоо боюнча күчтүү саясат колго  алынып, атайын адабий фонд ачылып, мамлекеттин эсебинен калем акы төлөй турган адабий журнал ачылса, маданиятты, искусствону өнүктүргөнгө чоң түрткү болмок. Адабият байыртан бери эле маданияттын башаты, диспозициясы болуп саналат. Мыкты чыгармаларды мамлекеттин эсебинен басып чыгарып, калем акыларын төлөп, аларды сатуучу китеп дүкөндөрү тармактарын өнүктүрүү зарыл. Борбор калаанын бир дүкөнүндө гана кыргызча китептердин сатылуусу уят. Маданиятты, искусствону өнүктүрүүнү  адабияттан баштоо керек.

Мындан башка да айта турган көйгөйлөр көп. Алар дагы бир ыгы келгенде айтылар.

Ошентип, урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздерге жараткан  сүйүктүү пенделерине гана ыроолой турган эң улуу, эң  урматтуу жана ыйык шансты берди. Кыргыздын Саакашвилиси боло аласызбы же боло албайсызбы, ал жагы  өзүңүздөргө байланыштуу. Белди бекем бууп, билекти түрүнүп, көкүрөктө Алла-Тааланы, ата бабалардын арбактарын бекем тутунуп, ак жана таза жолдо жан аябай иштөө гана калды! Надо дерзать!

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити