Кечээ Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кезектеги кеңешмеси видео-конференция форматында өттү. Ага азыркы КР Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров катышты. Кийимине эмес ишине маани берген, жөнөкөй болгон Садыр Жапаровду баарылап жатып галстук, костюм кийгиздик окшойт. Жапжакшынакай болуп дресс-код менен чыгып, мазмундуу жана олуттуу сөз сүйлөдү.

Эл “макалё”, “сексалюлардан” абдан тажап калышкан экен. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарада өзүн татыктуу кармап, олуттуу сөз сүйлөгөн Садыр Жапаровду соцтармактардан кубаттоого алган сөздөрүн айтып чыгышты.

Бирок, “кой аксагы менен миң” деп кыргыз эли таасын айткан экен. Түз кетип бараткан жерден дагы өөн тапканга аракет кылган, жумурткадан кыр издеген, эптеп элге жаман көрсөтүүгө далбастап, чагым салганга жан үрөгөндөр бар экен, тобоо. Эми көтөргөн маселеси бул – ШКУ жыйынына төрагалык кылган Владимир Путин башка Президенттердин атын атап, Кыргызстанга келгенде эле жападан жалгыз Садыр Жапаровдун атын атабаган имиш. Бир нерсени жазардан мурда жок дегенде туура айтып жатамбы деп ойлонуп койсо. ШКУ Мамлекет башчыларынын жыйынын толук көргөндөр Путин Кытайдын, Индиянын жана Пакситандын мамлекет башчыларынын аттарын да атабаганын билдиришүүдө. Биздин көрпенделердей болуп Кытайда, Индияда, Пакистанда “Президенттин атын атаган жок” деп оппозициясы дагы чыкпаса керек. Себеби, аларда маданияттын деңгээли бийик.

Ал эми бизде болсо баягы эле “айла жок, бирок ай лав ю” дегендей эле, соцтармактар аркылуу чагым издеп, бирөөнүн заказын аткарып, бирөөнү жаманатты кылгысы келген бир кемпайлар экени көрүнүп калыптыр.

Анткени, мындай деңгээли төмөн немелер жеп-ичкич коррупционер болбогон, эки сүйлөп, куру убада бербеген, ар бир сөзүнө такылдатып жооп берген, боло турганды болот деп, болбой турганды болбойт деп ачык-айкын айткан Садыр Жапаровдан башка кынтык таба албай, илинчек иле албай айла-амалдары түгөнүп, айласыздан ушундай жомок чыгарып киришти.

Коомчулук ушундайлардан тазаланса, адамдын ишине карап баа бергендей деңгээлге жетишсек анан оңолобуз го!!!