Райымбек Матраимовдун камалышы боюнча айтып жатып президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров коррупционерлерди камоодон мамлекет пайда таппай турганын белгиледи. 

"Райымбек Матраимовдун кармалганы тууралуу УКМК мага кабар бергенде, мекеменин төрагасынан сурандым, аны камагандан пайда жок, андан көрө мамлекеттен алган акчасын казынага кайтаргыдай кылалы деп. Өзү да айтып калды, мыйзамсыз топтогон байлыктарымды мамлекетке берейин деп. Анын иши азыр сотко жете элек. Кыргызстанда 10-15 жылда көп саясатчылар камалды, бирок алардын бирөөсүнүн да байлыгы мамлекетке өткөрүлгөн жок. Мисалы, Атамбаев жана анын тегерегиндегилер 2 жылдан бери камакта отурушат, мына булардын бул мүлктөрүн мамлекетке алдык деген бир да маалымат жок. Аларды абакка отургузуп алып, сиздин, биздин, жалпы карапайым элдин акчасы менен багып жатабыз. Ошондуктан, иштин көзүн көрүп, туура багыт менен кетели. Менин мындай чечимим дүйнөлүк практикада колдонулуп келаткан нерсе. Камагандан көрө уурдап алганын кайтаралы", - деди Жапаров. 

Ошондой эле, ал Райымбек Матраимов төбөсү көрүнүп калган адам болгондуктан анын кармалышы резонанс жаратканын, бирок өлкөдө андан башка да мамлекеттин каражатын өзүнө ыйгарган көп саясатчылар бардыгын, аларга да кезек келээрин белгиледи.