Мурдагы вице-министр Эркин Асрандиев 6-октябрдан кийин келген бийлик менен иштешүүдөн баш тартып кеткени маалым. Андан кийин ал Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарованын Ысык-Көл банкында иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыздыкка барганы тууралуу билдирүү тараткан. Президенттин милдетин аткаруучу маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ал абакта отурган убакта үй-бүлөсү, жакындары да саясий куугунтукка туш келгенин белгиледи.
"Мен бийликке келген биринчи эле күнү Эркин Асрандиев менен Санжар Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министрликке сунуштагам. Бирок Асрандиев баш тартты, андан кийин Муканбетов да баш тартты, аягында бул кызмат Артем Новиковго тийди. Эркин Асрандиевдин билдирүүсүн окудум, эжемди банкты жетектеп, андан кийин акча чыгарып кеткен деген экен. Ал толук маалыматы жок эле, мага оппонент болгону үчүн ушундай маалымат таратканы белгилүү болуп калды. Эжеме ачылган кылмыш иши заказ менен ачылган. Кааласаңыздар, кылмыш ишинин көчүрмөсүн берейин, өзүңөр окуп, билесиңер. Мен абакта отурганда үй-бүлөм, бир туугандарым, ал турмак жакын досторум да куугунтукка кабылышкан, айрымдары анын айынан чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын арасында эжем Райкүл Жапарова да бар", - деди Садыр Жапаров.