Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүү үчүн буга чейин берилген кен байлыктарды өндүрүү жаатындагы компаниялар ишин уланта берет. Бул тууралуу Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле, ал Кытайга карыздын ордуна Жетим-Тоо кен байлыгын берилет деген имиш кептерге жооп берди. 

"Жетим-Тоонун талын да бербейбиз. Кытайдын карызынан башка жол менен кутулабыз. Мен "Кумтөр" мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деп эки жолу соттолдум. Башка кен байлыктарды иштетүүдө "Кумтөрдүн" катасын кайталабашыбыз керек. Жетим-Тоодо темирдин 5 миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул 50 миллиард доллардын тегерегиндеги чийки зат. Элден жашырып болбойт, карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоодогу чийки затты берүү варианты да айтылган. Бирок анда аны иштетүүдө бир дагы башка өлкөлөрдүн компаниялары катышпайт. Пайыз бөлүштүрүү болбойт. Өзүбүз гана жарандарыбыз менен иштетип, чийки затты чек арага чейин жеткирип баруу тууралуу айтылган. Мисалы, Кара-Кеченин чекесинен көмүр алып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Жетим-Тоону да четинен чийки затты алып, эл аралык баа менен баалап, карыздан кутулуу мүмкүн. Бир жылда бир миллиард долларды төлөп коебуз. Бул эми карыздан кутулуунун бир варианты. Андан башка да эки-үч вариант бар", - деди президенттин милдетин аткаруучу.