-Ак үйдү курчаган тосмонун алынганы туура эле болдубу?
-Ак үйдүн тосмосун алуу албетте, колдош керек. Бул жалпы журтка бийликтен берилип жаткан сигнал, мааниси - мындан ары ачыктык жана айкындыкка багыт алуу деген. Ал эми мындан ары турмуш кандай нукка өзгөрөт, аны убакыт гана көргөзөт.
-Өмүрбек Бабановдун Садыр Жапаровду колдогону үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы?
-Бабановдун кадамын, жигиттик менен аргасыздык призмасы аркылуу карабаш керек, анын өз көз карашы жана планы болсо керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити