-Ак үйдү курчаган  тосмонун алынганы туура эле болдубу?

-Ак үйдүн тосмосун алуу жоопкерсиз, популисттик кадам болду. Тосмо алынган менен карапайым адамдардын  Акүйгө тоскоолдуксуз  кирүүсүнө баары бир жол берилбейт. Болгону эми мурдагыдай тосмо сыртында эмес,  Ак үйдүн эшиктеринин алдында котолоп турууга турууга туура келет. Башаламандык, ыңгайсыздык тескерисинче көп болот деп ойлоймун.

Дагы бир маселе - Акүй мамлекеттик, режимдик объект. Анын коопсуздугу камсыздалышы керек. Бир нече адам курал менен кирип келип, трагедия жасабашына кепилдик, тоскоолдук  керек. Арменияда 1999-жылы ошондой окуя болуп, армян өкмөт башчысын, төрагасы баш болгон жооптуу кызматкерлерди парламентте атып кетишкени эсибизде.

-Өмүрбек Бабановдун  Садыр Жапаровду колдогону  үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы? 

- Бабанов жигиттик кадам таштоого жөндөмсүз экенин калк өзү айтып жатат. Октябрь окуялары учурунда ал өкмөт башчылыкты алуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонуп көрдү. Бирок максатына жетпеди. 9-октябрда аянтта таяк жеп куулгандан кийин “кош колун” көтөрүп, Садыр Жапаровго багынып берди, соодалашты. Бир күн өтпөй досу Руслан  Казакбаев тышкы иштер министри болду. Андан кийин өзү президенттик шайлоого барбай турганын  жарыялады. Президенттик шайлоодо Бабановдун ийгиликке жетиши кыйын болчу. Аны 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо партиясы 7% босогодон өтпөй калышы да кыйыр ырастап турат.

Бабанов мурда ачылган кылмыш иштерин жабууну да соодалашып алган болуш керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити