Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу жана Премьер-министри С.Н. Жапаровго;

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы Т.Мамытовго;

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарына жана жалпы Кыргызстан элине

 Ачык Кайрылуу

Эгемендүү Кыргызстан, анын эли акыркы 30 жыл ичинде төртүнчү жолу, алдыга өнүгүүнүн жолун табууга  бүгүн мажбур болуп олтурат. Ушундай саясый туңгуюктан чыгып, туура жолду тандоо мезгилинде, Кыргызстандын ар бир  атуулу  ээлеген кызматына, социалдык абалына карабай, атуулдук аруу парзын аткарып, болуп жаткан процесстерге ачык үн кошуусу милдет деп эсептейм. Өзүмдүн жеке атуулдук парзымды аткаруу максатында сиздерге төмөндөгү эскерүү, кеп-кеңеш, факты, сунуштар менен кайрыламын:

1. КЕЧЭЭГИСИН БИЛБЕГЕН, ЭРТЕҢКИ ЖОЛУНАН АДАШАТ

 7-ноябрда айрыкча биз, советтик эски муун, 1917-жылдагы Октябрь Социалистик Революциясын анын Кыргыз элине тийгизген пайдасы менен зыянын дагы бир жолу эскердик. Совет бийлиги кыргыздарга зыянга караганда пайданы көп алып келген.Аларга:

- кыргызды 1916-жылкы тукум куруттан сактап калганын;

- тоо-таш арасында, Кытайда качып, тосуп жүргөн кыргызды өз жерине кайтып келишине шарт түзгөнүн;

- 1924-жылы автономиялык область, 1927-ж. автономиялык Республика, 1936-жылы Союздук Республика түрүндөгү мамлекетин түптөөгө мүмкүнчүлүк бергенин;

- Советтик Кыргызстан дагы, 70 жылдык Совет доорунда, өз заманына жараша өнүккөн агрардык, өнөр-жайлуу республикага эле айланбай, элибиз заманбап илим-билимге жетишип, дүйнөлүк аренага, Саякбайдай генийди, Чынгыздай алпты жана башка ондогон маданияттын адамдарын, өлбөс-өчпөс чыгармаларды чыгарганын атасак эле жетиштүү болот.

Бирок өткөн кылымдын 91-жылынын октябрь айында, кыргыз эли башка Совет элдериндей эле, «жоголсун Компартия, жоголсун Масалиев» - деген ураанды ээрчип, «департизация», «деидеологизация», «десоветизация», «бизге президент керек», «эгемендуулук керек», «демократия керек» деген чакырыктар менен, толук кандуу Көз карандысыз, эгемендүү мамлекет түзүүгө мүмкүнчүлүк алдык. 1991-ж. 27-октябрында биринчи президентүү да болдук. Аны менен кошо, Кыргыз жергесине батыштын: президенттик башкаруу, либерализм, рынок экономикасы, коррупция, сөз эркиндиги, адам укугу, жана башка «модалуу» сөздөрү кошо келди. Алар алгач кыргыз элине, тунгуч президентибиздин, анын академиялык жана жарым коммунист-демократтардан турган командасынын түшүнүгүнүн чегинде гана жетти.

Советтик Кыргызстан ошол октябрдан тарта кайрадан «революциялык маанайда, тездикте, жаңылана» баштадык. Алгачкы президентибиз чү дегенде эле, сырттан келген  серепчи, кеңешчилердин кеп-кеңеши менен Кыргызстанды кайра түзүүнү максат кылып,  реформаларга «тормоз» болуп жаткан, өзүн президент кылып алгач шайлаган «Легендардуу Парламентти» кворум түздүртпөй, иштетпей эле тим болбой, алар кабыл алган 1993-жылкы Баш мыйзамыбызга, башка мыйзамдарга баш ийбей, аларга каршы келген жеке Жарлыктары аркылуу Советтик Кыргызстанды  Орто Азиядагы Швейцарияга айлантууну көздөгөн.

Аны турмушка ашыруу үчүн  тыт менен пахтаны билбеген академиялык бир «лаборантты» айыл чарбасын реформалоого, экинчи бир «лаборантын» аппарат башчы, Өкмөт башчылыкка чейин, дагы бир академиялык-демократты  маданиятты тейлеген вице-премьер, губернатор, спикерликке чейин көтөрүп, айыл чарбасы тыптыйпыл жок кылынган. Сырттан 3000 долларлык кочкорлор ташылып, өнөр-жайларыбыз сырттан келген, эч кимге белгисиз ПЕСАК программасы аркылуу жок болсо, кен-байлыктарыбыз Ак үйдун 7-кабатында президент менен жанаша отурган чет элдик Б.Бирштейин тарабынан соодаланып, Өкмөт башчылар “Күмтөрдү”  баш кылып, ал айткандай гана түзүлгөн келишимдерге чет өлкөлөрдө, абамайдандарда , жүргөн жерлерде эле кол коюп берип турушкан. 2 тоннага жакын алтын корубуз Бирштейиндин жеке учагы  аркылуу баштыктарга салынып Цюрих шаарына ташылып кеткен.

Кылымдар бою кыргыз каны төгүлүп, сакталып келген кыргыз жерлери коңшу өлкөлөр тарабынан даярдалып келинген сызыктар боюнча кол коюлуп берилген. 2003-жылга чейин жеке Акаевдин каалаганындай Эгемен Кыргызстандын 1993-жылкы алгачкы Конституциясы 4 жолу оңдолуп жазылып, референдум аркылуу ЭЛГЕ ЖАМЫНЫП, кесепетинде бардык мамлекеттик бийлик президент тарабынан узурпацияланган. Натыйжада,  өлкөбүздө, жеке президенттик үй-бүлөлүк башкаруу орноп, ага макул болбогон  кыргыз эли  2005-жылы  мартта «Акаев кетсин» деген ураан менен элдик ыңкылапка чыгууга  биринчи жолу аргасыз болгон. Акаев кетти, бирок «акаевщина» же тактап айтканда ал орнотуп кеткен жеке президенттик үй-бүлөлүк башкаруу системасы, коррупция, Кыргызстандан ушул күнгө чейин кеткен жок.

2010-жылдын  апрель ыңкылабы,  быйылкы октябрь төңкөрүшү ошол «акаевщинага» каршы улантылып келе жаткан элдин күрөшү болот. Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна  Бакиевдин үй-бүлөсү,  Бакиевдин үй-бүлөсүнүн ордуна Атамбаевдин шопур-катчыларынан, жан-сакчыларынан турган үй-бүлөлүк башкаруусу, анын ордуна келген Жээнбеков парламенттеги жеке кландык үй-бүлөлүк башкарууга ыңгайлашкан партиялар аркылуу 2020-жылдын 13-октябрына чейин жашап келди! 2020-жылдын 4-5-октябрында көтөрүлгөн эл жеке Жээнбековко каршы эмес, анын кландык жеке башкаруусу, 4-октябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке өткөрүлгөн шайлоодо жеңүүчү болгон анын жеке партиялары аркылуу бекемделишине, уланышына каршы чыкты.

С.Жапаров айткандай,  кеңири элдин үнүн угуп, негизги конкреттүү маселелер гана элге референдумга чыгарылып, ал эми Конституциянын өзү 1993-жылкы Конституциядай парламентте кабыл алынышы керек! Болбосо тар чөйрөдө даярдалган Конституция толук Референдум жолу менен же 2006-жылкы ноябрь, декабрь Конституциясындай парламенттен шашылыш кабыл алынса,бул эски жол болот. Жыйынтыктап айтканда, жакынкы мезгилдерде конституциялык реформалар жүргүзүлүүгө каршылар менен колдоочулардын ортосунда жана конституциялык реформалардын жол картасына байланыштуу саясий тиреш күндөн күнгө өнүкчүдөй болуп турат! Мындайда, улуттук-мекенчилдик, атуулдук ар -намысты туу тутунуп, Кыргызстаныбыздын эгемендиги, бүтүндүгү үчүн өтө САК БОЛУУГА БААРДЫГЫҢАРДЫ ЧАКЫРАМ!

2.КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРТҮЛҮШҮ КЕРЕКПИ? АНЫ КОЛДОГОНДОР ЖЕ КАРШЫЛАР ЖӨНҮНДӨ!

Урматтуу депутаттар! Бул суроолорго кеп-кеңешимди колуңарда турган Конституциянын беренелеринин чегинде гана берейин. Конституциянын 2-б: «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КР мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат» деп так жазылган. Ушул элден акыркы 30 жыл ичинде «Эй эгемендиктин ээси, бийликтин бирден-бир булагы болгон Кыргызстандын эли, кайра-кайра эле бийликти кууп жатасыңар! Айткылачы, деги силерге кандай бийлик керек?  Президенттикпи же парламенттикпи?» деген эки суроону койгон президент болбоду! Ким бийликке келсе, бийликти жеке өзү каалагандай түптөп, РЕФЕРЕНДУМ АРКЫЛУУ БҮТҮНДӨЙ КОНСТИТУЦИЯНЫ алдырып, бийликти өзүнө бекитип келет. Ал эми демократиялык жана укуктук мамлекет деп өзүн жарыялаган Кыргызстандын азыркы Конституциясынын 3-б. «... мамлекеттик бийлик, бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүндө ишке ашырылат»-деп бекитилип, иш жүзүндө КОШ БИЙЛИКТИН ҮСТӨМДҮГҮ ТҮЗҮЛГӨН. БИР ӨЛКӨДӨ БИР БИЙЛИК ЖЕ ПРЕЗИДЕНТ ЖЕ ПАРЛАМЕНТ ҮСТӨМДҮК КЫЛЫШЫ КЕРЕК! Бул суроого жоопту бийлик ээси болгон жалпы элибиз бериши керек! Конституциянын 2-б. 2-п. ылайык «Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо … жүзөгө ашырат» деп бекитилип, ушул берененин 4- п. менен Кыргызстанда «шайлоо эркин болору, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти ...шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде...» шайлаары эң, кыска -  нуска так бекитилген. Түшүнбөй турган, талаша турган эч нерсе жок. Анда эмне үчүн «мамлекеттик бийлик президент тарабынан узурпацияланды...., Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамсыз өтүп жатат»-деп кайра-кайра төңкөрүштөр болууда.

Анткени,  иш жүзүндө жогоруда айтылгандай бардык бийлик жалгыз президенттин колунда келе жатат. Акыркы, азыркы вариантта ал Жогорку Кеңештин депутаттары эл тарабынан түз шайланбай, ким депутат болору негизинен Президенттердин жакындары түзгөн менчик партиялар аркылуу аныкталып, элге чыгарылган бюллетенге ошолор түзгөн партиялар гана добушка коюлуп, элди адам-депутатка эмес, партиялардын тизмесине добуш бердирүү жолу менен бийлик узурпацияланып жатат. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты ким болорун да  эл эмес президент жана анын жакындары чечет. Жакында С. Жапаровдун ушул суроолорго же «мамлекеттеги кош бийлик, шайлоо системасы, президенттин, ЖКнын эл алдындагы отчеттулугу элдик курултай аркылуу камсыз болушу боюнча үч суроону элге коем, анан элдин тандоосунан кийин Конституцияны алмаштырабыз»-деп  ачык так айтканын «бул деле өзү каалаган президенттик башкарууну алып келет окшойт»- деп сөздүн түпкү маңызын түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да көбөйүүдө.

Чындыгында,  башкаруунун түрүн бийлик ээси болгон элден сурап, ошого жараша реформага барабыз деген 1-президент азырынча убактылуу болсо да, ушул С.Жапаров жана анын командасы болууда. Бул идеяны С.Жапаров түрмөдөн чыга калып эле ойлоп тапкандай, ага каршылар жабыла чыгышты. Алар негизинен азыркы жашап жаткан башаламан башкаруу системасын, Кыргызстанга алып келгендер жана аны каалагандар. С.Жапаров айткан идея, бекем тартипти каалаган, укуктук өлкөдө жашагысы келген, көпчүлүк карапайым эл менен  улуттук кайра жаралууну, мекенчилдик позицияны бекем аркалаган миңдеген саясатчылар тарабынан мамлекеттик бийлик президенттер тарабынан узурпацияланган алгачкы жылдардан бери эле жашап келет.

Азыркы Конституциянын өзгөртүлүшүн колдогондордун башында С.Жапаров өзү турат деп, ал эми Конституциянын өзгөртүлүшүнө же жаңы Конституция алганга каршылардын башында шарттуу түрдө Ө.Текебаевди коюп, анын тарапташтары, шыкакчылары катары батышчылдарды эсептесек болот. Эмне үчүн Ө.Текебаевди шарттуу түрдө деп жатабыз, анткени, ал Конституциянын өзгөртүлүшүнө түпкүлүгүндө каршы деле эмес, себеби, ал Конституциянын «атасы» катары «баласында кандай оору бар экенин» жакшы билет, болгону «туулгандан оорукчан баласын аяган ата» катары аны туура түшүнүү керек. Экинчиден, анын негизги каршы турушу депутаттарды партиялык тизме менен шайлатуу өзгөрүлбөсө дейт. Үчүнчүдөн,  ал муну өтө айлакерлик менен «парламенттик системадан кетсек, 30 жыл артка кетебиз, Өзбекстан, Түркмөнстан болобуз, президенттерге жүгүнүп каласыңар» ж.б. сөздөрдү саясый митаамчылык менен атайын айтып, коомчулуктун, жаш депутаттардын көңүлүн бурдурууга далалаттанып жатканынан улам шарттуу деп жатам.

А чындыгында, 10 жылдан бери Кыргызстан жашап жаткан «Текебаевдик парламенттик система» - бул Европадагы Германия, Азиядагы Малайзияга окшогон ж.б. өнүккөн парламенттик өлкөлөр жашап жаткан парламенттик системага кайнаса каны кошулбай турган, тескерисинче, МЫЙЗАМСЫЗ ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА ШАРТ ТҮЗГӨН ПАРТИЯЛЫК-МАФИЯЛЫК СИСТЕМА десек тагыраак болот. Эмне үчүн? Анткени Кыргызстанда эл өкүлчүлүктүү эң жогорку бийлик органы болуп эсептелген Жогорку Кеңеш-парламент – азыр  менчик саясый партиялардын эң жогорку өкүлчүлүктүү органына айланып калган. Парламенттик башкаруусу бар Германияда же Президенттик башкаруусу бар АКШда парламенттин депутаттары демократиялык шайлоо принциптери менен же жалпыга бирдей, тең жана түз добуш берүүнүн натыйжасында атайын түзүлгөн конкреттүү шайлоо округдарынын эли тарабынан түз шайланып келет.

Жеңүүчү партия же фракция болуп, мисалы 60 шайлоо округдун 31инен көп округдан талапкерин алып өткөн партия, андай болбосо ошону түзгөн коалициялык көпчүлүк эсептелет. Саясий партиялар болсо болгону  конкреттүү шайлоо округдарына  бир же андан көп конкреттүү адам-талапкерин жылдырат, ага көмөк көрсөтөт, суроочу болот. Шайлоо округунан утуп келген депутат 1-кезекте ошол округдун элинин депутаты болуп 5 жылга мандат алат.  Округдун элинин кызыкчылыгы үчүн, парламенттеги кайсы бир партиялык фракцияга же аны шайлоо өнөктүгүнө жылдырган жана колдогон партияга биригет же кааласа бирикпейт, партиядан чыгып да кетет. Бизде болсо шайлоого конкреттүү адам эмес, партия ээси түзгөн жабык тизме чыгарылып, ал тизме да 5 жыл бою партия ээси тарабынан өзгөртүлө берет. Мисалы,  “Ата-Мекен” партиясынын 2015-жылы шайлоо алдында түзүлүп БШКга тапшырган тизмедеги депутаттар 5 жыл ичинде нечен жолу алмашылса, жакында эле тизме аягына чыга электе кайра башынан Текебаевден башталды. Ушул кантип болсун? Анан партиялык-мафиялык система деп кантип айтпайсың?!

Текебаев жана аны колдоп жаткан депутаттарды мен түшүнөм, эгерде шайлоо системасы жабык типтеги партиялык тизмени шайлатуудан, түз шайлоо округдарынан шайланууга өзгөртүлсө, быйыл 4-октябрдагы шайлоодо бийликтин партиясынын тизмесине кирип өтүп келди делинген мурдагы 82 алтын, күмүш депутаттын 8инин өтүшү да күмөн болот. Кыргыз тилин, менталитетин, жашоосун түшүнбөгөн батышчылдар шайлана албай калат. Анткени,  жабык партиялык тизмеге киргизилген талапкер жөнүндөгү айтылбаган сын-пикирди ачык, түз шайлоодо, карапайым эл талапкердин көзүнө карап туруп: «Эй, баланча, сен кайдан депутат болосуң, билимиң да, тажрыйбаң да жок! Акчаң көп болсо бизге мектеп, мечит, спорт зал кур, ой, түкүнчө, сен соодаңды кылбайсыңбы?... эй, бастанча,  сен каракчы-  ууру эмес белең?... эй, түкүнчөнүн кызы, сен уялбайсыңбы?» - деп эле талапкерлердин бетине айтып иргеп, тандап алат. Шайлоодон кийинки талаш-тартыш болсо ошол округдун эли өзү кайра ошол округда гана шайлоо өткөрүп  талашты чечип алышат, жалпы шайлоого кедергиси тийбейт. Ошондой тартипте шайланган депутаттар президенттин да, партия ээсинин да көзүн карабайт, өзүн шайлаган шайлоочуларга гана отчет берет. Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен аныкталып, шайланганы үчүн эле «парламенттик система» деген терең жаңылыштык!

Текебаев коргоп жаткан «парламенттик системасы» үчүн азыркы Конституция менен мыйзамдарда кандай коррупциялык-мафиялык схемалар камтылган:

1. Азыркы Конституциянын негизги шайлоо принциби камтылган 2-б. 4-п. каршы келген, Конституциянын өзүндөгү беренелер, башка мыйзамдар менен акыркы төрт жолку шайлоодо калыптанып калган партиялык-мафиялык шайлоо системасына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты болгусу келген адам  кайсы бир бийликтин партиясы же бийлик менен тил табышкан партиянын тизмесине кирүүгө өтө ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болот. Себеби,  шайлоо мыйзамдары аркылуу ЖКнын депутатын аныктоо, саясий партияга гана бекитилип берилген. Конституцияда мындай адам укугун чектөө жок. Тескерисинче, анын 2- б. 4- п. ылайык Жогорку Кеңештин депутаты деле президент сыяктуу жалпы, тең жана түз  шайлануу укугуна ээ экени белгиленген. Ал эми бул негизги шайлоо принциптерине таптакыр каршы келген ченемдер Конституциянын 70-б. жана Шайлоо Кодекси менен атайын бурмаланган.

Коммунисттердин заманында да  партияга кирбеген  анча - мынча саанчы, койчу, тракторист, мугалим СССРдин  Жогорку Советине чейин депутат болушчу. Азыр Текебаевдин «парламенттик өлкөсүндө» андай боло албайт. Демек,  12 жылдан бери депутат болом дегендерди милдеттүү партиялаштыруу саясаты жүрүп, биз өзүбүз 30 жыл артка кеткен жокпузбу?!  Андай болсо Конституциядагы Кыргызстандын президентин, ЖКнын депутатын шайлоо тартиби камтылган 2-б. 4- п. менен, Конституциянын 70-беренесин, Шайлоо Кодексинин беренелерин бири-бирине дал келтирилиши үчүн да же: «Жогорку Кеңештин депутаты болуп  кайсы бир партияга мүчө болгондор гана шайлана алат» деп партиялык тизмени мыйзамдаштыруу үчүн да, баш аламандыкты жоюу үчүн болсо да КОНСТИТУЦИЯ СӨЗСҮЗ ӨЗГӨРТҮЛҮШҮ КЕРЕК! Бирок урматтуу депутаттар, өзүңөрдүн жеке корпоративдик кызыкчылык үчүн  шайлоо босогосун гана 3 пайызга түшүрүп, шайлоого барабыз деген чечимге келсеңер, анда сиздер ошол шайлоодон кийин дагы элдин көчөгө чыгып, бийлик алмаштыруусуна өбөлгө түзгөн болосуңар! Азыркы түзүлгөн саясий шартта  шайлоо босогосун таптакыр жок кылып,  120 орунду шайлоого катышкан 120 саясий партиялар бирден болуп алышса деле тизмеге акча төлөп кирген, бирок депутат болбой калган башкалар биригип алып, бунт чыгара берээрин  унутпагыла!

2. Дагы бир партиялык-мафиялык кызыкчылык, парламентке утуп келишкен партиялардын бийлик бөлүштүрүү  практикасында бекем калыптанган. Азыркы Конституциянын бир катар беренелери менен  парламентаризмге таптакыр коошпогон бийлик бутактары парламенттеги партияларга бөлүштүрүлгөн. Мисалы,  10 жылдан бери парламентте көпчүлүктү түзгөн башкаруучу саясий партиялар президенттин энчисинен башка  бардык мамлекеттик бийликти коалициялык келишим аркылуу бөлүшүп алышат. Партиялык тизме менен куралган парламенттик системада акыркы 12 жылда  он үчүнчү Өкмөт башчы алмашып, Өкмөттүн курамы эле эмес, бүткүл аткаруу бийлиги парламенттеги 5-6 саясий партияга 13 жолу бөлүндү. Эгерде Өкмөттүн өзүнөн тартып, райондун акимине, айыл Өкмөт башчысына чейин ар кайсы партияларга бөлүнүп берилсе, өлкөдө кайдагы бирдиктүү, туруктуу бийлик болсун?

Конституциянын 95-б. ылайык судьларды тандоо кеңеши, парламенттеги партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлсө, кайдагы көз карандысыз сот системасы болот? Конституциянын 74-б. ылайык,  БШК мүчөлөрү Эсептөө палатасы, ал эми жабык коалициялык келишимге ылайык Акыйкатчыга чейин эң жогорку мамлекеттик бийликтер парламенттеги партияларга бөлүштүрүлгөн. Баш мыйзамдын 4-б. талаптарына ылайык, «Кыргызстанда партиялык институттар менен мамлекеттик бийлик бутактарынын кошулушуна жол берилбейт» - деп алып, кайра конституциянын өзгөчө бөлүмдөрү, коалициялык келишимдер аркылуу бийликти парламенттеги партияларга болуп салганыбызды кандайча түшүнсөк болот?!

Урматтуу Феликс байке, 30 жыл мурдагы «департизация» деген чакырыктарыбыз кайда кетти? Анда го бир компартия бар эле, азыр 5-6 партия, эртең шайлоо босогосу 3 пайызга түшсө,  10-15 партияга мамлекеттик бийлик  бөлүштүрүлөт? Ушул үчүн да болсо Конституциябыз өзгөртүлүүгө жатат. Ушундай партиялашкан башкаруу системабызды партиялык-мафиялык деп кантип атабайбыз?!

3. Парламенттеги партиялар бир эле кадр бизнеси менен алектенбей, өкмөттүк кепилдиктер менен алынган грант-кредиттерге салынуучу, айылдагы көпүрө, оорукана, жол, мектеп, мечит, спорт зал ж.б боюнча өткөрүлүүчү тендерди да  өз ара бөлүшүп алышканы жашыруун эмес. Ал түгүл Жогорку Кеңештин ардак грамотасын да бөлүп алышып, өз дос, жек - жааттарына таратып жүргөнүнө күбө болгом. Бул көрүнүш партиялык-мафиялык кызыкчылыктын көрүнүшү эмей эмне?!

4. Партиялык шайлоо системасы менен куралган парламенттердин 2008-2020 жыл аралыгындагы өлкөгө, элибизге келтирген пайдасы менен зыянын эсептеп көрбөйлүбү? Чек ара маселеси, коррупция менен күрөшүү, инвестиция, кредит тартуу, айтор бардык тармактар боюнча? Сөзүм куру болбошу үчүн мисал катары айта кетейин: Үзөңгү-Кууш, Хан-Теңириге, Сары-Жазга, Каркыра, Маймак, Көк-Сай, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар боюнча экинчи чакырылыштыгы 10го жетпеген «Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын каршылыгы менен Акаевке кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө бергендиги боюнча импичмент маселесине чейин көтөрүлүп, андан соң жерлерибиздин коңшу өлкөлөргө берилиши, 2007-жылга чейинки бир мандаттуу округдардан шайланган парламенттер тарабынан жол берилбей келген.

 5. Урматтуу, парламенттеги жаш депутаттар! Жаштар! Жакында жаңы бийлик, «уюшулган кылмыштуу топту» уюштурган деген, шек менен кримтобол Камчы Колбаевди камакка алды. Анын же анын кылмыштуу тобунун акыркы 10 жылда элге, мамлекетке келтирген зыянын тергөө аныктап жатса керек, а чындыгында анын келтирген зыянын элибиз так анык биле бербейт. Бирок акыркы 12 жылдагы парламенттердин, алар түзгөн Өкмөттөрдүн, парламенттеги айрым саясий партиялардын, алардын лидерлеринин, депутаттарынын өлкөгө келтирген зыянын эл билет! Парламенттин “Кумтөрдөгү” кылмыштуу коррупциялык келишимди бузбай, биротоло Центеррага Конституциядан да күчтүү кылып өткөрүп бергени, ал азыр деле бузулбай иштетилип жатканы, «Кыргызгазды» бир долларга сатышканы, Кыргызтелеком, Түндүкэлектро, Чыгышэлектролордун болбогон баада менчикке сатылганы, улутташтырылган БНК сыяктуу айрым объектилер жең учунан кайра сатылганы, Нарын каскадынын курулушу “Русгидрого” берилип, кайра башкага сатылганы үчүн ортодогу зыян, “Жерүйдүн”  Кыргызстандын үлүшү аныкталбай туруп сатылышы, Бишкек ЖЭБке байланыштуу кредиттин парламенттен толук изилденбей ратификацияланып, мыйзам күчүнө ээ болушу, Абылгазиев сатты деген жыштыктын суммасын, Бажы союзуна киргендеги пайда, зыянды да эсептегиле?! Батукаевдин эле сыртка чыгарылышындагы фактыга бардык бийлик бутактарынын аралашышы, ж.б. материалдык, моралдык зыянды эсептеп туруп, анан кримтобол Колбаевдин тергөө органдары келечекте аныктай турган зыянын, болжолдуу салыштыргылачы?

Кимиси өлкөгө, элге көп зыян келтирген? Кимиси эл үчүн, өлкө үчүн коркунучтуу, зыяндуу кылмышкер? Же партиялык тизме киргенге чейинки айрым партия ээлеринин ошондогу байлыгы менен азыркы байлыгын салыштыргыла? Ушуларды салыштырып чыксанар, анан партиялык тизмени шайлатуу системасын өз бизнесиндей коргоп жаткан коллеганарды туура түшүнөсүнөр? Эптеп эле шайлоо босогосун ылдый түшүрсөк болду деп чыркырап жаткан айрым депутаттардын, жок дегенде Кыргыздын таланып жаткан кен байлыктары, коншу өлкөлөргө өтүп жаткан жер участоктору үчүн чыркыраганын эстеп көргүлөчү? Дагы бир мисал, азыр: «мен гана кыргыздын президенти болом» деп жүргөн мен урматтаган бир саясатчыбыз, кыргыздын жеринин бүтүндүгү үчүн бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып жүргөндө, Чолпонбай сыяктуу эле.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТУУРАЛУУ СУНУШТАР:

1. Жогоруда келтирилген тарыхый фактылар, окуялар, мисалдар жана азыркы Жогорку Кеңештин 5 жылдык мөөнөтү аяктаса да, жаны Жогорку Кенештин шайлана албай жатканынан улам, иштеп жатканынын өзү  бизге Конституциялык реформа зарыл керектигин тастыктап турат. Анда Конституциялык реформалар боюнча сунуштарым:

2. Президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровдун элден сурайм деген үч суроосу боюнча (башкаруунун түрү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасы, элдик курултай институту) Референдум дайындоо мыйзамы менен тезинен кабыл алынып, референдум 2021-жылдын 10-январына коюлган президенттик шайлоо менен бир күнгө коюлушу максатка ылайыктуу. Биринчиден, акча каражатын үнөмдөйбүз. Экинчиден, президенттикке талапкерлер референдумга коюлган үч маселе боюнча өз ойлорун элге ачык айтышып, элге түшүнүк беришет. Үчүнчүдөн шайлоодо утуп чыккан президент Жогорку Кеңешке шайлоону референдумда эл тандаган шайлоо системасы менен жарыялоого мүмкүнчүлүк алат. Ушул жерде белгилеп кетчү нерсе айрым саясатчылар, парламенттин жарымын можаритардык жарымын партиялык (преференциялык) система менен шайлансын деп, кайра эле депутатты саясый партиялардын колунан чыгаргысы келбей жатат. Мисалы,  Кулов мырза,мындайды элге баргысы келбегендер десек болот. Муну биз 2000-жылкы шайлоодо саясый партияларга 15 орун берип башыбыздан өткөргөнбүз. Алар негизинен бийликтин партияларынан келишкен депутаттар болот. Кайрадан эле эски жолго түшүп партия айланасына тегерене бербейличи!

3. Референдумга коюлуучу үч суроо боюнча мыйзам долбоорлору парламентте бар. Анын бири элдик демилге тартибинде 2019-жылы июнь айында Жогорку Кенешке киргизилген мыйзам долбоору. Бул долбоор КРнын мыйзамдарына ылайык, Юстиция министрлигинде катталган жана күбөлүк алышкан демилгечи топ тарабынан даярдалып, бир нече жолу илимий-практикалык конференцияларда талкууланып, Юстиция министрлигинин атайын сайтында элдик талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоору президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаров айткан үч суроону  тен камтыйт. Ушул күнгө дейре Жогорку Кеңеште каралбай жатат. Экинчи мыйзам долбоору экс-депутат К.Зулушев тарабынан киргизилген, Жогорку Кеңештин сайтында элдик талкуудан өткөн. Бул мыйзам долбоору боюнча башкаруунун түрүн референдумга чыгаруу каралган.

4. Демилгечи топтун даярдаган мыйзам долбоорун парламенттен кароодо ыйгарым укуктуу өкүлү катары, биз даярдаган мыйзам менен экс-депутат Зулушевдин мыйзам долбоорунун базасында, үч суроо боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү жаны мыйзам долбоору азыркы төрага Т.Мамытовдун ж.б. депутаттардын авторлугунда Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылышына демилгечи топтун атынан каршы эместигимди расмий билдирем. Экс-депутат К.Зулушев деле буга каршы болбосо керек.

5. Жаңы шайланган президент тарабынан эл тандаган шайлоо системасы боюнча Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо  2021-жылдын февраль-март айына дайындалып, шайланып келген жаңы Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо менен элдин тандоосуна коюлган суроолордун жыйынтыгына жараша, Жаңы Конституцияны кабыл алуу, азыркы Конституциянын 114-беренесинин тартибине ылайык мөөнөттөрдү сактоо менен  үч окуудан кийин кабыл алынышын сунуштайм.

6. Жогорку Кеңешке жана президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровго биргелешип:

а) Келечектеги Жаңы Конституция боюнча элдин пикир- сунуштарын топтоо, анализдөө максатында, элдин, коомчулуктун, саясий-коомдук жана жарандык уюмдардын, окмуштуулардын кеңири катмарын камтыган Конституциялык Кеңешме түзүүнү.

б) 2020-жылдын 4-5-октябрларында, элдин Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу өткөн нааразычылык тынчтык митинги эмне үчүн  Ак үйдү алуу менен аяктаганы, Ак үйдү алуудагы материалдык зыянды аныктоо жана түрмөдө жатышкандардын массалык түрдө бошотулгандыгы, 13 саясий партия бириккен кырдаалды жөнгө салуучу координациялык кеңеш президент Жээнбековдун  отставкага кетпегенин билип туруп, айрым мамлекеттик органдарга дайындоолорду жүргүзгөнү, айрым дайындалган адамдар  эмне себептен айрым чет элдик бийлик адамдары менен сүйлөшүү  жүргүзгөнү, эмне себептен бул координациялык кеңеш кырдаалды жөнгө салалбагандыгы, 2020-жылдын 9-октябрындагы башында А.Атамбаев турган топтун борбордук аянтка болгон жүрүшү жана башка коомчулуктагы имиш-имиштерге тарыхый туура баа берүү үчүн, бул октябрь «төңкөрүшүн» ар тараптуу изилдөө үчүн көз карандысыз адамдардан турган, мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуштаймын.

Урматым менен Азимбек Бекназаров, Булак: “Майдан. kg” гезити