БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин  Атыр Абдрахматованын ордуна бараары белгилүү болду. Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин жаралган ызы-чуудан улам өз арызы менен кеткен. 

Акылбек Сариевдин айтымында, анын БШКнын мүчөсү болушун оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы сунуштаган.

Акылбек Сариев 2010- жылы жана 2011-жылы БШКнын төрагасы болгон. Ошондой эле ал акыркы шайлоого “Реформа” партиясынын катарынан  катышкан. Бирок партиянын мүчөлүгүнө өтпөгөнүн айткан.