Фейсбук социалдык тармагынын Бактыгүл Иманбек кызы аттуу колдонуучусу мурдагы президент жана учурдагы президенттин милдетин аткаруучу тууралуу пикирин жазды:
"Мен байкаган эң сонун сабак боло турган эки саясатчынын эки башка саясаты....
"Мен акмын, мен сынбайм, он жыл болобу беш жыл болобу отурам, баары бир сындыра албайсыңар" деп... Садыр Жапаров түрмөгө башын бийик көтөрүп туруп отурду...
1)Түрмөгө азыркы элиталар отурчу жайга эмес, мыкаачынын мыкаачылары отурчу жайга отурган экен.
2)Ошол мыкаачылардын да тилин таап достошкон экен. (Саясатчы дасыккан психолог болушу керек. Ар бир адамдын, тилин таап көкүрөгүн жибиткенди билиши керек).
3)Ошол адамдардын жүрөгүнөн орун алып ар биринин тилин таап ал тургай баарын бирдей спорт менен машыгууга үндөгөн экен.
4)Ошол жан кечтилердин тилин таап түрмөнүн куурай баскан талаасын тазалатып, футбол талаасын жасатыптыр, өздөрү куруп алган талаага футбол оюнун уюштуруп турчу экен.
5)Ал тургай футболго да сыйлык уюштуруп, ал сыйлыктарды киргизип берүү үчүн милиция кызматкерлеринин да тилин тапкан экен.
6)Пандемия күч алганда өзү билген даарысын жасап өзүн, ошол түрмөдө отургандарды кой, милиция кызматкерлерин кошуп дарылап айыктырган экен.
7)Эркиндиктегилерди кой, ошол абактагы жашоодон үмүтүн үзгөндөргө өбөк болуп, жөлөк болуп берген экен үч жыл бою.
8)Баласын бийлик алты айга камап салса да сынган жок. Жалдырап ырайым да сураган жок.
9)Ур- тепкиге алып, кескилеп кетсе да сынбай тагдырдын сыноосунан өтүп туруп, С. Жапаров бүгүн да саясатка кайтып келип отурат...
Азамат экен...
..ал эми А.Атамбаевдин кылыгын...
Буга чейинки кылыктарына эл тараза жазбай эле койсоң болот. Дача- Су, күнөөсүз камактар, күнөөсүз төгүлгөн кан, коррупция, ТЭЦ, КРны Кытайга карызга батырганы, 600$ кычкач, жана дагы...дагы...
Кой -Ташка жүздөгөн аскер топтоп, атышып жатып да "Соке мени сатты, бирок мени эл колдойт" деп күйгүзүп, күнөөсүн мойнуна албай жатып, кан төгүлүп барып отурду түрмөгө....
Эми...
1)Өгүнү баласын үч күн камап койсо аялы Кой- Ташты башына кийип кыйкырып чыкты.
2)Боштондука чыккандан кийин тынч эле отурбайбы, жок, элди дүрбүтүп аянтка жөнөдү.
3)Ал кылыгы үчүн, мыкаачыларга кошуп кайра камап койду эле эми долуланып эки күндөн бери тамак ичпей эси ооп жатат...
.....азыр отуруп ушу кишинин алты жыл менин президентим болгонун эстесем жүрөгүм оозума тыгылат...
Бактыбыз бар экен кеч болсо да кетти....
.....дагы бир аз жүрө турса элди ондон, бештен жүктөп, штуктап сатып жиберет беле ким билет......
.... "ырайым кыл үй камагына чыгарып кой",- дегендерге кошулгум келип эле турат, бирок ошол ырайымды түшүнөбү же баягысы баягысын кайра баштайбы?"