Саясый туткундарды коргоо комитетинин Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер министри Жапаров Садыр Нургожоевичке кайрылды. Анда комитет атамбаевдик режимден жабыр тартып, абакка отургузулган бардык туткундар акталышы керек деген талабын билдирген.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! 

Өзүңүз билгендей атамбаевдик режимге каршы чыккан бир нече саясатчыларга буйрутманын негизинде жасалма кылмыш иштери козголуп, адилетсиз, көз карама чириген системанын курмандыгы болду, анын ичинде сиз жана сиздин бир канча тарапташтарыңыз да ошол системанын  азабын көрдүңөр.

"Саясый туткундарды коргоо комитети" 2016- жылдан бери саясый туткун деп эсептеген 24 адамдын укугун талашып, Кыргызстанда репрессия болуп жаткандыгы тууралуу чыркырап,  үнүн  БУУга чейин жеткирди.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!  Учурда шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жасап, анын негизинде сиз да бошоп, мамлекеттин жоопкерчилигин командаңыз менен оор күндөрдө өз мойнуңуздарга алдыңыздар. Муну Саясый туткундарды коргоо комитети кубаттайбыз жана сиздерге ишеним менен өзгөрүү болот деп үмүт артабыз.

Саясый туткундарды коргоо комитети сиздин жана  командаңыздагы саясый өңүттө соттолгон Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Аспеков, М. Мырзакматов жана башка адамдар шашылыш түрдө акталып, ал эми Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков ж.б  атамбаевдик репрессиядан жабыр тарткан адамдардын иштери сотто каралбай, акталбай жаткандыгы саясый туткундарды коргоо комитетин өкүндүрөт жана дагы эле "кол ийрисине тартат " болуп соттук иштер буйрутма жана тандалма болуп жатканын билдиребиз! Эгерде жогоруда айтылган  саясый туткундардын иштери тез арада соттор аркылуу каралып, акталышпаса, кандайдыр бир саясый оюндар болуп жаткан болсо, саясый туткундарды коргоо комитети баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан пайдаланып, адилеттүүлүк үчүн нааразычылык акцияларын баштаарын билдирет!" - деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев болуп эсептелинет.