Кеңешбек Дүйшөбаев буга чейин да элдин эсинде бийлик алмашкан мезгилдерде бир нече сааттык, бир нече күндүк министр катары калган болчу. Бул сапар КР Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматында бир жумага жетпесе да, көбүрөөк олтуруп калды. Ошон үчүнбү, мээси тетири айланып калыптыр...

Кеңешбек Дүйшөбаев коопсуздук кеңешинин катчылыгына 15-октябрда, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы чыгарылган жарлыктарынын биринин негизинде дайындалган. Ал эми маалымат жыйынды болсо, 27-октябрда, кызматтан алынгандан кийинки сааттарда өткөрдү.

“Биздеги “коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз” деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. “Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке 2 миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады” дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да. Садыр Жапаров Матраимовду камакка албай, чыгымдарды төлөтүү керек деген сунуш бергенин айтты. Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык туура келет” - деп айтты Дүйшөбаев маалымат жыйынында.

Ошондой эле, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалышын да комментарийлеп, муну бийлик менен алдын ала макулдашуу катары таңуулады.

УКМК мурдагы катчынын билдирүүсүнө жооп кайтарды. “Кеңешбек Дүйшөбаевдин бийлик УКТ менен сүйлөшүп алды деген маалыматы чындыкка дал келбейт жана ал сөзүнүн тамыры жок.

УКМК учурда коррупцияга  жана криминалга каршы активдүү күрөш жүргүзүүдө, бардык иш чара мыйзам алкагында болууда. Мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, мамлекетке келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жоюу аракеттери күч алууда. УКМК коррупция жана криминалдар менен күрөштү күчөтүп гана жүрүп отурат”, - деген маалымат таратты Улуттук коопсуздук кызматы.

Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан түшкөн биринчи сааттарда эле маалымат жыйынын өткөрүп, учурда болуп жаткан активдүү аракеттерди терс жагынан сынга алып калууга шашылганына караганда, жарым айга жетпеген убакыт гана кызматта кармалганына ызасы күч окшойт. Ар ким ызасын ар кандай жол менен чыгарат, аны да түшүнсө болот: бири “ушунча жыл жалаң даражалуу кызматтарда жүрдүм, мамлекетке пайдамды тийгизе албадым, эми жөн барып эс алайын” десе, бири так ушинтип түштөн кийин көз карашын айтып, калп маалыматтарга өзүн да, коомду да чулгайт. Дүйшөбаевге бирок бул аракети абийир алып келген жок. Жаңы, эл күткөн жол менен бараткан бийликке бут тосуу аракети менен элдин каргышына калды.

Булак: "Майдан.kg" газетасы