Фейсбуктун Эркин Солтобек аттуу колдонуучусу жакында болуп өткөн үлпөт тоюу тууралуу жазды. Алар аң-сезимибизге сиңип калган бир катар ашыкча чыгым алып келчү адаттардан арылышканын белгилеген:⠀

"Ооба туугандар, акыры 5 жыл сүйүктүүм менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук, кечээ никебизди мыйзамдуу түрдө каттадык. Көлгө күйөө бала болдум, сарыбагыш менен бугу бирикти...)

Мага терс көрүнгөн жана жубайым экөөбүз бир аз да өзгөртө алган көрүнүштөрдү жазайын дедим. Балким, сиз да колдойсуз...


1) Кыз узатуунун үйдө болгону жакшы. Азыр көбү кафеде өткөрөт "биротоло баарын бир чакырып салалы" деп. Кызды үйүнөн алып кеткен эсте калса керек? Кафеден баарыбир баш чыкпайт го кийин өмүр бою.

2) Өкүл ата, өкүл апаны эки жаш өзү тандашы керек. Мүмкүн болсо жашыраак эле тандаш керек, себеби "в одной теме, на одной волне". Чоңдор менен 1-2 катышып эле мамиле үзүлүп кете берет экен. Жаштарды жаштар гана түшүнөт. Албетте, насаат айта алган жаштар болуусу керек! Биз тандообуз менен жаңылган жокпуз)

3) Нике кыйылып жатканда чакырылган молдону жакшылап тандоо керек. Биздин молдолордун билим деңгээли жалпылап айтканда өтө эле төмөн экенин байкадым. Молдо - эки жашка эң биринчилерден болуп жол көрсөтчү адам. Бирок мага анын сөздөрү жаккан жок... Молдонун айтымында, аял күйөөсүнүн кулундай эле жүрүшү керек экен, Султан Сулеймандын гареминдеги кыздардай эле. Мен аялымды коргоп ал молдого туугандардын көзүнчө кесе айткым келди. Бирок апам тыйды… Айтор, ушул жагы кичине окшошпой калды.

4) Сеп, калын, сүт акы, жеңе жууркан, себет ж.б. салттуу “ кыргыз взностору” эки тараптын ичи ара, ачык компромисси жана диалогу аркылуу чечилип жатты. Эң биринчи эки жашка эмне керек деп туруп жасалды. Менимче, бул эң туура. Бирок эки тарап “понт” деп атаандашып мактануу үчүн жасашса эки жашка ыңгайсыз болушу мүмкүн.

5) ЗАГС – коррупциянын бир кичинекей аралчасы экен) Бирок муну ачыктабайм. Жаман көрүнбөй. Менде фактылар бар есчо)

6) Бишкекте лимузин айдагандар акчаны очойто алат экен. Эң байлар ушулар окшойт Бишкекте! Бирок булар дагы нанга акча табып жатышат. Мейли, эсте калат дедик.

7) Свадьба ресторанда ким үчүн болот негизи? Улуу муун жана кичүү муун үчүн. Экөө кошулганда ыңгайсыз болуп эс ала албай жатканын көп байкачумун. Бизде жаштар ресторанда, улуулар үйдө болду. Бөлүп койдук. За то эки тарап тең эсин жоготкучакты эс алды)) Жаштар Алматинка-Ахунбайды жарышты! Улуулар Советский-Жибек Жолуну жарышты!

8) Ресторанда тост сүйлөнгөн жок. Ар бир столго плакаттар таратылып ар бири каалоо-тилектерин сүрөткө тартышты. Азыр үйдө дале отуруп алып жыргап көрүп отурабыз. Ресторанда болсо көп убакытты үнөмдөп алдык жана ыр-бийге көп убакыт болду.

9) Бизде ар бир оюн сайын, ар бир жакшы бийлеген үчүн приздер берилген жок. Активдүүлөргө биздин индивидуалдык купюралар (фотошоптон жасалган акчалар) берилип жатты улам сайын. Тойдун акырында АУКЦИОН уюштурулуп, лоттор менен приздер ойнотулду.

10) Приздерди Джунхайдан эмес, Бишкектеги “Купи Слона”, “Mia Home”, “Gadget.kg” дүкөндөрүнөн алсаңыз тоюңар көбүнүн эсинде калат, сөз берем))

11) Тойду 19:30да баштап, 00:00 бүтүрсөңөр столуңар түгөнбөй туруп берет экен) Салаттарды көбүрөөк коюңуздар. Коноктун ток отурганы жакшы.

12) Эт тарткан жокпуз. Мен муну ашыкча чыгым катары көрөм. Тем более жаштарга эттин кереги да жок. Анын ордуна биз европалык кухнядан тамак тандадык. Ресторанда ресторандагыдай тамак жеш керек го акыры) Ошентип, нарындыктын тоюнда эт тарылбаган окуя орун алып баары бактылуу болду))))))) Баарына ушул момент жакты! “Көрсө эт жебей эле койсо болот турбайбы” дешип.

13) Бий көп болушу керек. БИЙ, БИЙ ЖАНА БИЙ! Азыр "Гульбадам" деген ыр хит экен!

14) Свадьбамда 50 адам болду. Идеалдуу той үчүн идеалдуу сан. Чакан болгону – тойдогу тартиптин болгону. Өтө мобилдүү той болот. 200-400 адам келген тойлордон эл тажады. Же сөз угулбайт, же сөз сүйлөй албайсын.

Биз акыры той маданиятында да революция кылышыбыз керек. МИНИМАЛИЗМГЕ ӨТӨЛҮ!

Той - калктын көңүлүнө, финансылык абалына, ички гармониясына чоң таасир берет. Туура пландалган той жарандарды - позитивде алып жүрөт, карызга батырбай бактылуу кылат жана жаңы ачылыштар жана жеңищтерге стимулдаштырат!

Тойлор болуп эле турсун, бирок минимум-минимум грации".