Ишенбай Кадырбеков парламент референдум өткөрө албастыгын жана анын себептерин "Марал" радиосуна берген маегинде чечмелеп берди. 

Айтымында, Башмыйзамда аны кандай жол менен өзгөртүү эрежеси жана референдум өткөрүү тартиби жазылган. Демек, 114-беренеге ылайык, Башмыйзамды өзгөртүү чечими Жогорку Кеңеште турат. 

"Эгерде парламентке ошондой мыйзам түшсө, ал алты айдан кийин үч окууда каралат. Ар бир окуунун ортосунда эки айдан кем эмес убакыт керек. Ошентип 10 айга кирип кетип жатат. Андан кийин үчтөн эки добуш менен Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча элге кайрылат. 28-октябрда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп, башкача айтканда, парламент тарайт. Жогорку Кеңешти жаңы шайлоо болбогондон кийин, Кыргызстанда парламент деген түшүнүк жок болот. Мыйзамды кабыл алуучу күч болбой калат. Экинчиси, шайлоо да, референдум да болбойт, бүт бийлик бир кишинин колуна өтөт", - деп айткан Ишенбай Кадырбеков. 

Ошондой эле, ал "Башмыйзамдын атасы" деп аталган Өмүрбек Текебаевдин референдум өткөрүү жана Конституцияны өзгөртүү жол-жобосун так билип туруп, референдум өткөрүүгө макул болгонуна таң калуусун жашырган эмес.