Садыр Жапаров Президенттик жана Өкмөттүк аппаратты бирдей бийлеп турганына карабай  5-октябрдагы толкундоодон кийин, мамлекеттик кызматтардын системалык иш алып баруусу али так жолго түшпөй башаламандык өкүм сүрүп жатканы байкалууда. Муну Президенттик жана Өкмөттүк маалымат берүү булактары айрым учурда кайчы, айрым учурда таптакыр эле карама- каршы башаламан маалыматтарды коомчулукка жайып жиберишкенинен байкоого болот. Бул эки аппарат тез аранын ичинде биригип, бир пикирге келишип, макулдашылган гана маалыматтарды жайылтууну колго алышпаса болбойт. Мамлекеттик бийликтин маалымат булактары болгон ММК маселен КТР, ЭлТР сыяктуулар өз билгендеринче аракеттенип жатышканы байкалууда. Бирок ал жакта да жетекчилери толук чечиле элек болгондуктан иштери жүрүшпөй аткансыйт. Мисалга Президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровдун Кочкор районуна болгон иш сапары ошол күнү  маалымат булактарынан толук чагылдырылбады.

Маалымат бүгүнкү күндө өтө коркунучтуу курал. Маалымат менен тамашалашууга болбойт. Маалымат менен күн сайын, саат сайын эмес минута сайын эстен чыгарбай иштеш керек. С.Жапаров ишти биринчи кезекте маалымат берүүнү жолго коюудан баштаса болмок.Бийлик башындагы адамдын душмандары дайыма жетиштүү болот. Садыр Жапаровдун душмандары да барган сайын эстерине келип күчөп баш көтөрө башташканы байкалууда. "Жылан эс алса кайра чагат"- деген ушул. Маалымат туура пайдаланылбаса  кечээ эле элдин сүймөнчүлүгү болгон С.Жапаров дагы эки- үч айдан кийин элдин эң жек көрүндүсүнө айланып, эмне жакшы иш кылса деле тескериге чыгып эч кимге жакпай калышы толук мүмкүн. Анткени бийликте турган адамды жамандаш оңой. Эң башкысы бийликтеги адамды жамандасаң баары ишене берет.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу