Бул тууралуу 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
“2020-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 25 саясий партиядан билдирме келип түштү”, — деп жазылган Башкы шайлоо мекемесинин расмий сайтында.
2020-жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмеси:
- “Кыргызстан жашылдар” партиясы,
- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы,
- “Билим Илим Ордосу” партиясы,
- “Мекен Ынтымагы” партиясы,
- “Ата Мекен” партиясы,
- “Ыйман Нуру” партиясы,
- Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы,
- “Эл биримдиги” партиясы,
- “Улут Ордо” партиясы,
- “Элдик Кеңеш” партиясы,
- “Глас Народа” партиясы,
- “Партия Патриот” партиясы,
- “Актив” партиясы,
- “Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана”
- “Адилеттүү Кыргызстан” партиясы,
- “Социал-демократтар” партиясы,
- “Өнүгүү Кыргызстан” партиясы,
- “Ордо” партиясы,
- “Республика” партиясы,
- “Ак Шумкар” партиясы,
- “Реформа” партиясы,
- “Улутман” партиясы,
- ЛДП НУР партиясы,
- “Улуу Журт” партиясы,
- “Бүткүл жаштар” саясий партиясы.
Булак: Элгезит