"Калайык!
Бүгүнкү күнгө чейин министрлик ж.б орундарда партиялардын өкүлдөрү отурушту. Аларга сурак барбы? Талкаланды го өлкө. Же жооп бербей, кайра шайланып келип талкалоону улантасыңарбы? Шашасыңар го шайлоого. Болбойт мындай!
3 пайыздык босого чек, миллион сомдук күрөө жана форма №2ни жокко чыгаруу - реформа эмес. Көз боемочулугуңарды карапайым эл түшүнүп эле турат. Реформа бул - былгыган партиялык системаны жок кылуу.
Кудайдан корксоңор боло, Кыргызстан бирөө эле. "Всех денег не заработаешь". Напсиңерди тыйып, элдин үнүн дагы угуп койбойсуңарбы. Араңарда бир дагы кембагал жок экен, баарыңар байсыңар, жетишет да ошол, тообо дегиле да, элдин тагдыры менен ойнобогула!
Элдин үмүтү Садырда эле калыптыр, түндүк - түштүк бирдей колдогон саясатчы 30 жылдык хаосто болгон эмес. Жардам бербейсиңерби андан көрө. Унчукпай күнөөңөрдү, жоопкерчилигиңерди сезип, сураган мыйзамдарын чыгарып берип, куру дегенде тоскоол болбогула, ошонуңар чоң жардам да.
"Власть- хуже наркотика". Кайран кыргыз, "наркомандарыңдын" дагы далай азабын көрөт окшойсуң", - деп жазды ырчы Бек Борбиев соцтармактагы барачасына.