Азимбек Бекназаровдун кыргыз саясатчыларына кайрылуусу:

"Урматтуу кыргыз саясатчылары!

Эгемендиктин отуз жылдык кыска мезгилинде эгемендиктин ээси, бийликтин бирден бир булагы болгон эл  3- жолу «мындай жашоо, мындай бийлик болбойт!» - деди. Таза шайлоо, адилеттүүлүк үчүн көтөрүлгөн элдин басымы, күчү менен болсо да бийлик тынчтык жолу менен алмашты.  Жаңы бийлик куралып жатат.  Азыр элибиз - Жапаров-Ташиев тандеми Кыргызстанды кайсы жолго салат? Эски президенттик-кландык  «чимкирик партиялар» менен иш жүргүзөбү же жаңы, туура жолду табабы? - ушуну кутуп жатат!

Бүгүн баарыбыз Жапаров-Ташиев тандемин колдоп, аларга эл күткөн туура жолду, багытты тандоого,  жаңыланууга жардам берүүгө  милдеттүүбүз! Бирок моюнга алалы, андай болбой жатат. Компромат согушу башталды,  айрым саясаттагы «карт бөрүлөр» адаттарынча ичи тардык, көралбастык кылышып, эки достун  (Жапаров -Ташиев) ынтымагын бузуу аракетин ачык да, тымызын да  жүргүзүүгө өттү. Айрымдары аларга каршы  жакында боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо аркылуу чоң күчкө биригүү аракетин көрүп жатышса, айрымдарыбыз мурдагы президенттердин курган саясый системасын сактап калуу менен эки досту да алардын жолуна түшүргүсү келип жатат. Ооба,  Жапаров менен Ташиев адам катары, саясатчы катары бирибизге жагат, экинчибизге жакпайт, бирок жалпы кызыкчылык үчүн бүгүнкү  реалдуу абалга карап, баарыбыз тарыхый ачуу чындыкты моюнга алалы!  Жеке партиялык кызыкчылыктардан арылып, ар кандай арамза жүргузүлүп жаткан саясый оюндарды, бут тосууларды токтотуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, бүтүндүгүнө шек келтирип жаткан,  анын жаңылануусуна каршы турган ички жана тышкы күчтөргө каршы туралы. Өз тагдырыбызды улуттун кызыкчылыгын жана  олкобуздун бутундугун көздөгөн максаттар менен чечели. Өлкөнү  үч жолку толкундоого алып келген саясый системабызды түп тамырынан өзгөртүү  Жапаров-Ташиев тандемине буйруп турат, аны алар баштайбыз деп каалап турат, элибиз аны талап кылып жатат! Ушул мезгилдин талабын уккусу келбеген саясатчылардын, ЖКнын айрым депутаттарынын эсине төмөнкүлөрдү  дагы бир жолу салам:

1. Туңгуч президент А.Акаев батыштын саясый шарттар менен берген кредиттерине алданып, батыштан келишкен кеңешчилер менен Кыргызстанды Орто Азиядагы дем.аралчага, Щвейцарияга, Малайзияга айлантам деген кыялда  жеңил ойлуулук кылып, өлкөбүздүн, элибиздин байлыгын, чарбасын эле жок кылбай, 1993- жылкы Конституцияны өзү каалагандай бир нече жолу оңдоп-түздөп, өзүнө ыңгайлуу, президенттик үй-бүлөлүк башкарууну киргизип, өлкөнү  аялы башкарып калган. Кесепетинде элдин 70 жылдык байлыгы, завод- фабрика, колхоз-совхоз, кен байлыктар, алтын корубуз чачылып, кен байлыктар чет элдиктерге сатылып, Үзөңгү-Кууш үзүлгөн. Аксынын эли атылган.

2. 2005- жылы март элдик революциясы Конституциялык реформаны жаңы бийликтен - Бакиев-Кулов тандеминен талап кылган. Бирок алар аны эл күткөндөй  дароо аткаруудан баш тартышып, бирок элдин катуу талабынан кийин Максим Бакиевдин тар чөйрөсү  менен өздөрү каалагандай реформа жүргүзүшкөн. ( 2007-ж. күз) Кесепетинде эл депутатын түз, тике шайлоо укугунан ажыратылып,  партия ээлери аныктаган адамдардын тизмесине  кыйыр добуш берүү киргизилген. Президенттик “Ак-Жол”  партиясы бийликке келген. Кесепети:  эл өкүлчүлүктүү  эң  жогорку бийлик - Жогорку Кеңеш- биринчи жолу үй- бүлөлүк партия аркылуу менчиктештирилген. Каркыра, Маймак ж.б. жерлер, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, Кумтөр чет элдиктерге эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп берилип,  «Северэлектро»,  «Востокэлектро»,  «Кыргызтелеком» Ысык-Көл жээгиндеги бир нече пансионаттар  ж.б. Бакиевдер тарабынан менчиктештирилген. Өмүрбек Чиркешович, мен калп айтсам, оңдоп коерсуз,  партиялык тизмени шайлатуу идеясы сиздики эмес, Максимдики!  Эл көтөрүлүп  2010- жылы  жүздөгөн эр азаматтардын каны төгүлдү!

3. Убактылуу Өкмөт жогорудагы системаны ондой албадык, эмне дегенде парламенттик башкарууну киргизгенибиз менен, үй-бүлөлүк башкарууну менчик партиялар аркылуу жүргүзүү механизмин сактап калдык. Өмурбек Чиркешовичтин ошондогу тилеги аткарылбай,  «Ата-Мекен» 120 орундан  65 орунду ала албаган. Араң-араң 5 пайыздык тосмодон өткөн. Бирок Атамбаев экөө жеке кызыкчылык үчүн күрөштү улантып парламенттик башкарууну реалдуу жүргүзүп жатышкан спикер Келдибеков менен премьер-министр Бабановду кетиришти. Өзү жазган Конституцияга каршы келген бир нече мыйзам жазды,  анын бир райондун акимин жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан шайланарын бузуп салганы болду. Укугу жок президентке мыйзамсыз укук берилип, Атамбаев Кыргызстанды Бажы Союзуна кошту,  « Кыргызгаз» бир долларга берилди. Кумтөрдү  кайтара албады, кайтарабыз дегендер камалышты,  «Жерүй»  мыйзамсыз (келишими жок) берилди. Саясый  куугунтук күчтөнүп, ондогон адамдар  камалды. Атамбевдик үй- бүлөлүк «чимкирик» бийлик бекем орноду.

4. “Чимкириктер” да өз бийлигин өз партиялары менен уланткысы келди. Аны элди сатып алуу менен ишке ашырууну көздөдү. Элибиз дагы бир жолу 2020-жылдын 4-6- октябрында аларга каршы «жок, токто!”  деди.  Урматуу саясатчылар,  сиздер эмес негизинен жаштар, мекенчилдер, улутчулдар чыгышты.  Мекенчил болуу - сыймык, бул намыс!  Улутчулдук кылуу бул кылмыш!  Мекенчилдик менен улутчулдук кылууну аралаштырбагыла!

5. Урматуу кыргыз саясатчылары,  үй- бүлөлүк башкаруунун партиялык түрүнүн  жогоруда көрсөтүлгөн айрым кесепетин көрүп туруп, түшүнүп туруп, партиялык тизмени алмаштырууну каалабаган  азыркы депутаттарга эмне дейбиз!

6. Урматуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Нуркожоевич!  Сиз элдин үнүн, жаш муундун дүбүртүн угуңуз!  Азыркы парламент элдин толкунунан сабак албаптыр! Сиздер Жапаров-Ташиев тандеми,  асти сынбадыңар, дагы сынбагыла! Акаев, Бакиев, Убактылуу Өкмөттүн каталарын кетирбегиле. Элге чыккыла, элден сурагыла. Эл толкуп турганда БШКнын Текебаевке мыйзамсыз мандат бергени, кайра шайлоо өткөрүүнү  каалап жатканын кандай түшүнсө болот? БШК мүчөлөрүндөгү өз өкүлдөрүңүздү  чакырып алыңыз, жоопкерчилигин караңыз, мандат тизмедеги кийинки адамга гана берилет. (КРнын Президентин жана КРнын ЖКнын депутаттарын  швйлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзам 65- б,) Бул мандат берүүнүн эрежелери 2020- жылдын 1-январынан бери өзгөчө бекемделген. Эл туура түшүнөт эле  эгерде Текебаевди сот актап анын мандаты калыбына келтирилсин деген соттун чечими болсо.  Эл туура түшүнөт эле, шайлоону БШК таза өткөргөндө?! Ушул Текебаевке байланыштуу көрүнүштөн кийин партиялык тизме  деген эмне экени огобетер оркоюп көрүнүп калды. БШК мүчөлөрү  ушуга кантип барышты?  Эмне үчүн ЖКнын тийиштүү  комитети муну контролдобойт? Же акырындап укук жолуна түшүп бараткан аракеттерге, жаңыланууга багыт алган жаңы саясатка бут тосуу башталдыбы?"