Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатышат. Алар бир пикиге келе алышпай, жарымы депутат Алтынбек Сулаймановдун шайлоо босого чегин 3-5 пайызга азайтуу, күрөөнү 1 миллион сом кылуу, форма №2ни жоюу боюнча демилгесин колдосо, кээ бирлери ачык айтпаса да ага каршы чыгышууда. Депутаттардын бир даары эл өкүлдөрүнүн санын азайтуу керектигин да туура деп табышты.
Добуш берүү эрежеси да депутаттардын талашын жаратты. Жыйын "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткандыктан, автоматташтырылган техника жок, добуш берүү кол көтөрүү менен болуп, аны көз менен саноо зарыл болду. Мында да кайчы пикирлер болду. Депутаттардын жарымы кол көтөргөндөрдү аппарат санашы керек десе, кээ бири спикер ар бир депутаттан макул же каршы экенин сурашы керек дешти.
Депутат Кожобек Рыспаев жөнөкөй нерсени депутаттар өздөрү татаалдаштырып жатканын айтты.
"Биз азыр спикер шайлаган жокпуз, сотторду шайлаган жокпуз. Ошондуктан кол көтөрүп добуш берип, аны санап коюу гана жетиштүү. Эл көчөгө президентти кетирели деп чыккан жок, шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү талабы менен чыкты. Биз эл мүдөөсүн аткарып беришибиз керек. Шайлоо чегин, күрөө суммасын ылдыйлаталы, форма №2ни жоелу", - деди Рыспаев.