УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылды:

"Урматтуу мекендештер!

Расмий  жумушка чыкканыма бүгүн 3- күн. 3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана, буюруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз.Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы «взятка» алышпайт, баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө, эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап кармап олтурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коебуз.

Кыргыз мамлекетинде коррупционер- элдин акысын жеген жана бандит-элди куураткан бир адам да болбошу керек!!!"