Ички иштер министрлиги министрдин эки орун басарын - Памир Асанов менен Алмазбек Орозалиевди кызматтан алды. Vesti.kg бул маалыматты Ички иштер министрлигине тастыктады.

Асановдун ордуна Эркебек Аширходжаев, ал эми Орозалиевдин ордуна Октябрь Урманбетов келгени белгилүү болду. Бөлүм башчысынын жаңы орун басары командага тааныштырылды.

Эске салсак, жакында Алмазбек Орозалиев генерал-майор наамын алган.

Булак: vesti.kg