Жанагы "Сырткы карызды жалпы эл каражат чогултуп төлөп коелу"- деген демилге чыккандан бери ар түрлүү талаш-тартыш күчөп баратат. Бир тарабы "Чын эле төлөйлү. Колумдан келген каражатымды аябайм"- дешсе,экинчи тарап " Карызга алган каражатыңдын бир тыйынын да көргөн эмесмин. Ошону алып, жеп ичкендер төлөшсүн."- дешүүдө. Демек көбүбүз "МАМЛЕКЕТ"- деген сөздүн толук маанисин түшүнбөйт экенбиз.
Мамлекет бул-сен экөбүз. Мамлекетти биз баарыбыз биригип курап турабыз. Мамлекет бул-ЭЛ. Элиң жок болсо кайдан мамлекет болот эле. Ал эми сыртан келген карыздар кайда кеткенин жана анын бир тыйынын сен экөбүз көрдүкпү же көрбөдүкпү түшүндүрүүгө аракет кылайын. Чынымды айтайын сырттан келген карыздын так саны канча жана алар кайсыл тараптарга жумшалганын так билбейм. Билгенимди айтайын. Ошол сыртан келген карыздардын көп эле үзүрүн көрүп жүргөнүмдү моюнума алам. Маселен Бишкек-Ош жолу. Жылыны болбоду дегенде Ош тарапка бир-эки каттайм. Асман менен учуп барган жокмун. Тээ оңдоло элек кездеги илгээркиге салыштырмалуу заңгыраган жол менен барам. Бишкектин ичиндеги бүгүнкүгө чейин оңдолуп аткан жолдор. Күндө ишке каттайм. Илгеркиге караганда жолдор дээрлик оңдолуп тартипке келип калганын моюнума алам.
Оңдоткондо аттиши 600 доллар болгон ТЭЦ. Быйыл жылуулукту эрте беришти. Досторумдун үйүнө барсам терезелерин ачып коюп ич кийимчен жүрүшөт.
Бишкек-Торугарт жолу. Кочкорго болбой калганда айына бир жолу каттайм. Эки жарым үч саата эле барып калмай. Жол тим эле мелтирейт. Түндүк-Түштүк жаңы жолу да курулууда. Кара-Балта- Бишкек жолу бүтпөй койду. Буткөн жерлери мелтирей. Түндүк-Түштүк жолун көргөндөр айтышууда "Тим эле укмуш. Тешкен тоосу эле дүйнөдөгү эң узун тешкен тоо болот имиш"- дешип. "Датка-Кемин" электир чубалгысы тартылып "Свет өчөт"- дегенден кутулдук.
Ушинтип мисал келтире берсем узун сөз.Мына ушунун баары сырттан кредит алынып курулганын билем. Жанагы "Сырттан келген кредиттин бир тыйынын көргөн жокмун"- дегендер балким чет өлкөдө жашап жүргөндөр го. Болбосо асман менен учуп жүрүшпөсө керек. Мага окшоп эле ушул жолдор менен жүрүшсө керек. Эгер ушул жолдор менен жүрүшсө анда "Мен бир тыйынын көргөн жокмун"- дешкени таптакыр эле түшүнүктөрүнүн жоктугу же карабеттенген ажымулуктук. Болбосо терең ойлоп талдай келсек ошол сыртан келген кредиттин кайсыл бир бөлүгүн сен деле, мен деле "жеп" ырысын көрүп жүрөбүз. Ошондуктан оозду куу чөп менен аарчып "Таптакыр көргөн жокмун"- деш туура эмес. Мамлекетти үй- бүлөгө салыштырып жүрөбүз. Эгер чын эле мамлекет үй- бүлө десек анда биздин мамлекетти жети баласы бар үй- бүлө дейли. Ата-энебиз кредит алдыбы, карыз сурадыбы кыскасы үй жай куруп, очор -бачар кылып тортолтуп өстүрдү. Биз чоңоюп акыл эсибизге келип өз алдыбызча оокат кылууга жарап калдык. Анан эле проблема чыкты. Көрсө кайран ата-энебиз үй жай куруп бизди баккандан тышкаары да жакшы машина минип өздөрү да мыктылап кийинип, чет өлкөлөргө саякат куруп сайрандап жүрчү экен. Анан эле кредит карыздарды төлөшкө келгенде кыйнала башташты. Эмне кылуу керек? Ата- энебизди "Силер карызды ченеп албайт белеңер. Анан да ашыкча сайран курбашыңар керек болчу. Эми карызыңарды өзүңөр төлөгүлө. Биз билбейбиз"- десек үй жайдан айрылчудайбыз. Антпей туугандар биригип ынтымакка келип чогулуп төлөп койсок болчудай. Эмне кылалы ар бир бала өзү ойлонушу керек. Маселен мен бай деле эмесмин.Болгону өз жанымды өп-чап баккандарга кирем. Жанагыдай эсеп ачылса, кимден канча каражат түшкөнү так көрсөтүлүп турса, кымтып кетмейге жол берилбесе аз аздан болсо да бир жыл бою ай сайын жалпы суммасы 20 миң сомго чейин төкмөкмүн. Бул менин жеке каалом. Ал эми калган биртуугандарыма баарыңар төккүлө деп айта албайм. Ар кимиси өзү билишсин. Бир гана сураныч "Бир тыйынын көргөн эмесмин"- дегенди айтпагыла. "Параходду көрдүң беле?"- десе "Көрмөк түгүл жегемин" - дегендей сырттан келген карызды баарыбыз эле бөлүшүп "жегенбиз" болгону "Май кармаган бармагын жалайт"- деп ынсапсыздарга кашык берсек эки ууртап жибергендер болду. Эмне кылабыз. Балким алар демилге башталып кетсе очойто-очойто төгүп элди ыраазы кылышаар. Мынча болду дагы бир мисалды келтире кетейин. Түштүк Корея учурунда биздей кыйынчылыкка кабылганда жалпы эл демилге көтөрүп, аялдар кулагындагы алтын сөйкө, шакек, чынжырчасынан бери чогултуп мамлекетке төгүшүп азыркы бай мамлекет болушуна жол ачышкан. Балким бул демилге биздин да бай мамлекет болушубузга жол ачаар.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу