Жакында креслосунан айрылган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Кийин белгилүү болгондой, Жамгырчиевден тышкары өкмөттүн аппаратынын башчысынын экс-орун басары Бакытбек Калмуратов дагы сурак берүүдө.
Жамгырчиев менен Калмуратов өрдөктүн этин аткезчилик жол менен ташуу ишине катыштыгы бар. Буга чейин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын экс-орун басары анын акча талап кылууга тиешеси жоктугун билдирген.
Булак: vesti.kg