Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарына 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан партияларга күрөөгө койгон акчаларын кайтарып берүү боюнча маселени чечүүнү сунуштады. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди. 

Маалыматка караганда, мыйзамда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин күрөөгө коюлган акчаны кайтарып берүү боюнча норма жок. Буга чейин Кыргызстанда мындай окуя болбогондуктан, мыйзамда бул тууралуу эч нерсе жазылган эмес. 

 Эске салсак, "Реформа" партиясы күрөө акчаны кайтарып берүү маселесин көтөргөн. Парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын ар бири  5 миллион сом күрөө коюшкан.