Садыр Жапаровдун кулагына алтын сырга
Садыр иним Жараткан Кудайым өзү кут кылсын,элдин назарына түштүң. Элдин назарына түшүү деген чоң жоопкерчилик. Кут. Касиет. Эми элдин назарын сындырба. Ишеничин өлтүрбө. Элдин назарына илинип колдоо тапкандын медал сыяктуу эки “бети” бар экенин бил. Ак дилимден ата бабадан калган төмөнкү нарк-насааты “Кулагыңа алтын сырга” катары айтам. Маани берип окуп,эс тутумуңа сактап ал.
1- Кыргыздар “Ыймандуу бийде тууган жок.Туугандуу бийде ыйман жок”- деген. Ыйманыңдан ажыраба. Эл берген бүгүнкү бийлигиңди кайра өткөзүп бергиче бир гана Элди тууган кыл. Башка үй бүлө, дос,тууган, эже-карындаш дегендердин баарын мамлекеттик кызмат алакасындагы мамледе чийип сал. Бул өтө оор иш бирок бийликти калыс, таза,чынчыл жүргүзөм десең башка жолу жок. “Мамлекетимдин мамлекетүүлүгүн бекемдөө, улутумдун улуттуулугун өстүрүү ыйык ишим. Мындан жогору турган ыйыктык жок”- деген сезим күнү-түнү жүрөгүңдө жашасын.Мамлекеттик иш алакасында ымалалаштардын мамлесин, кызыкчылыгын жогору койсоң ыймандан ажыраганың. Демек баарынан ажыраганың.
2- Кыргыздар “Башкара албаган эл бузат. Бастыра албаган жол бузат”- дешкен. Бийлик башындагы адам элди, мамлекети кол астындагы чогу иштегендер аркылуу башкарат. Кадр тандоодон жаңылба. Сталин “Кадр баарын чечет”- деген бир эле сөзү менен СССРдей империя түзүшкө жол салган. Кадрлар кесипкөй болгону (профессионал) болгону жакшы бирок андан да жогорку турган тапшырылган ишке берилгендик, жоопкерчилик, тазалык, чынчылдык деген талаптар бар. Кесипкөй болуп бирок алдым-жуттум болсо же жалкоо болсо анын ишинен майнап чыкпайт. Ишиңдин эң оор жагы кадр тандоо. Мыкты кадрларды сакта. Иш билгилерден “Меникинен да кадыр баркы жогорулап, аты чыгып кетет”- деп коркпо. Так ушул “Меникинен да ашып аты чыгып кетет го”- деген кызганыч мыкты кадрларды өстүрбөй эгемендүүлүктү алган 30 жылдан бери мамлекет башындагылардын иши жүрүшпөй келатат. Бир билип кой. Туура башкарсаң кол астыңдагылардын аты эч убакта сеникинен өйдө чыкпайт. Тескерисинче алардын жасаган иши сеники боло берет. Ошондуктан айтылгын, “Жоону чапса эл чапты. Аты калды Манаска.”- деп. Чындыкты тике айткандарды жектебе. Ар бир тармактын жетекчиси өз иши боюнча чечкиндүү чечим чыгарып жоокерчиликти толук алганга үйрөнсүн. Ашыкча кошомат кылгандардан, эмне айтсаң макул боло бергендерден сак бол. Атыңды чыгарчуулар да кадрлар, атыңды өчүрүүчүлөр да кадрлар экенин унутпа.
3- Кыргыздар “Оозгер (кеңешчи) жакшы, хан жакшы”- дешкен. Күнү-түнү иштесе чарчадым дебеген, кайраты тоону томкоргон жаштарды иштет. Бирок жашоо турмуштун ысык-суунун көргөн. Баштан неченди өткөзгөн. “Карангыда көз тапкан. Каплеттен сөз тапкан” көсөм, акылман, мамлекеттин ички абалынан баштап дүйнөлүк денгээлдеги саясатта ой жоруй билген билимдүү, өзгөчө Кыргыз улутунун нарк-насилин, салтын, мүнөзүн жакшы түшүнгөн кеңешчилерди жаныңа ал. Иштин жүрүшүндө кеңеш укканга, кандай иш болсо да чечим чыгараарда кеңешкенге үйрөн. Баарын өзүм билем дебе. Акылың жетип турса да ошол чечим кабыл алуучу иш тармагындагы кеңешчиңдин оюн угуп кой. Кеңешчиңдин оюн ук бирок чечимди өзүң чыгар. Аз сүйлө. Аз убада бер. Көп ук. Көп иликте. Ар бир сөзүңдү таразалап акыл- анализиңден өткөзүп айт. “Хандын оозунун жели тегирмендин ташын айландырат”- дешет. Мамлекет башында турган адамдын ар бир сөзү мыйзам катары кабыл алынып аткарыла берген жагдайлар көп болот.
4- Кыргыздар; “Мыйзамдын сөзү- чындыктын көзү”- дешет. Мамлекеттин мамлекетүүлүгүн сактаган бул анын мыйзамдары. Мамлекеттеги мыйзамдар карапайым кайырчыдан тартып ханга (өзүңө) чейин бирдей иштегендей болсун. Карапайымдар үчүн мыйзам бар, бийлиги бар же чөнтөгү калыңдар үчүн мыйзам жок болсо калыстыктан тайганың. Алыскы райондогу сотуң же тергөчүң мыйзам бузса да эл сени күнөлөйт. Өзүң мыйзам бузууга барба. Башкалардын мыйзам бузушуна жол бербе. Ошондуктан ишти мыйзам калыстыгын, тактыгын орунотуудан башта. Бул тармакты эч убакта көзөмөлүңдөн чыгарба.
5- Кыргыздар; “Жылан эс алса кайра чагат”- дейт. Душманыңа катуу бол. Ачык душмандан коркпо. Аларга каршы жооп берүүгө качан болсо даяр болосуң. Колтугуңда жүрүп билинбеген, тымызын ишиңди ириткен “дос душманыңдан” корк. Алар сени кантип аңга түртүп жиберишкенин билбей да калышың мүмкүн. Ошондуктан дайыма айланаңдагыларга аяр мамлиле жаса. Кекчил болбо. Айкөл бол. Тар болбо. Кең бол. Адамга ишен бирок текшерип койгондун зыяны тийбейт.
Жок дегенде ушул беш эреже насааты жүрөгүңө сактап эсиңден чыгарбасаң ишиң алга жүрүшөт. Бүгүн жалпы эл агылып артыңдан ээрчип колдоп турат. Бул чоң күч. Аны өзүң да көрдүң. Ушул ишенимди, жакшы демилгелердин, келечектүү иштердин агымына айландырсаң утасың. Эл Сени өздөрү алып келди. Демек “Биз алып келген С.Жапаров”- деген бир жоопкерчилик элдин өзүндө да бар. Муну эл да түшүнөт. Ошондуктан акыркы үмүтү үзүлгөнчө колдойт. Бери болгондо эгемендүүлүккө жеткен 30 жыл ичинде эл назарына ээ болуп Сенчелик жалпы эл колдогон лидер болгон эмес. Башыңдан көп нерсе өттү, бирок пенделик эс тутум азгырмалуу болот. Баарын бат эле унуттуруп коет. Ошондуктан “Шераалынын чокоюн” өзүң гана билген бир жерге илип кой да күн сайын жок дегенде бир маал карап коюп тур. Ажыдарды өлтүрүп, бирок анын жаткан жерине киргенде ал басып жаткан дүйнөнү көрүп кайра өзү ажыдарга айланып кеткен баатырлар тууралуу притчаны эсиңден чыгарба. Жаса тайып пенделик жолдон чыга албай ыймандан кетсең Элдин назары сынат. Ишеними өлөт. Назар каргышка айланат. Элдин назары сынып каргаганы жаман. Жети тукумуңа чейин оңбой каласың. Жети тукумуңа чейин байлык да бийлик да жукпай, оору-сыркоодон арылбай кор-зар болушат. Жараткан Кудайым өзүңдү ылайым андайдан сактасын.
Баштаган ишиң шар жүрүшсүн. Манас атам баш болгон аталардын касиет куту колдосун. Элдин тилеги ишке ашсын.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу