2011-жылы 13-ноябрда президенттик шайлоо бүтөөрү менен АКИпрессте пресс-конференция чогултканмын. Ошондо президентикке талапкер катары Алмаз Атамбаевга анын инаугурациясына чейин кайрылганмын: «Акаевди жана Бакиевди ажыдаар деп айтып жүрдүң, бирок өзүң келе албай туруп ажыдаарга айланууну баштадың. Аларды үй-бүлөлүк к клан деп күнөөлөп жатып, өзүң партиялык кландарды бийликке алып келип жатасың!» деп. Бул сөздөрүм АКИпресстин жана «Дело N...» гезиттин архивинде сакталган.
Кымбаттуу Садыр иним, эгер саясий системаны өзгөртпөсөң ал сени да ажыдаарга айландырат. Дайыма сени колдоп келген "ЭрК" партиясынын төрагасы жана агаң катары эскертип коюуну туура көрдүм.
1994-жылдан бери ар бир президент, а 2010-жылы убактылуу өкмөт да Конституцияны өз кызыкчылыгы үчүн каалагандай бурмалап өзгөртүп келди. Бир жолу да элдин кызыкчылыгы үчүн Конституция өзгөрүлбөдү!
2020-жылдын 5-октябрынан баштап эл үчүн иштебеген Конституцияга жана бийликке эл нааразы болуп көтөрүлдү. Сен, Садыр иним, элди ишендирип эл күткөн убадаларды бердиң. Баарыбыз кубандык.
Кимдин сөзүнө киргениңди билбейбиз, бирок «азыр бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо жүргүзүү эрте экен», «Кумтөрдү улутташтыруу маселе маанисин жоготту» жана ушул сыяктуу сөздөрүң күйөрмандарыңды ыңгайсыз акыбалга алып келүүдө.
Мейли, «Кумтөр» тура турсун. Бирок парламенттик шайлоону эскиче өткөрсөң ошол эле саясий система калып жатпайбы?! Азыркы Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун 3% га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүп декабрь айында Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүп жиберели деген демилгесинде чоң бомба жатканын түшүнүп тургандырсың? Башка сөз менен айтканда, партиялардын лидерлери талапкерлердин тизмесин кайра бизнеске айландырып, кимди алып келүүсү чоң сыр эмес.
2010-жылдагы Конституция өзүн актабаганы бардык элибизге маалым болуп калды. Бийликте турбаган партиялардын өкүлдөрү жана партияларда жок мекендештерибиз жөндөмдүүлүгү бар, деңгээли ылайыктуу болсо да мамлекеттик кызматтарга тура албай калышты.
Ыплас шайлоолор аркылуу Жогорку Кеңешке келген партиялардын жетекчилери президент менен сүйлөшө коюп өзүнүн адамдарын Өкмөттүн курамына жана жергиликтүү бийликке киргизишип элдин эмес, өзүнүн жеке маселелерин чечип келишкени да элдин кыжырына тийип, мамлекетке ишенбөөнү туудуруп, мигранттардын санын көбөйттү.
Эл көтөрүлбөгөндө 2020-жылкы балит шайлоонун натыйжасы да өлкөбүздөгү саясий, социалдык жана экономикалык, эн негизи - руханий-моралдык кризисти эбегейсиз күчөтмөк жана мамлекетти талкалоого алып келмек.
Акылдуу адам башкалардын катасынан сабак алат, акылсыз адам өзүнүн катасынан да сабак ала албайт. Кыргыз эли башынан күч менен бийликти алмаштырууну үч жолу кечирди. Эми өзүн актабаган, мамлекетти туңгуюктан чыгара албаган саясий системадан баш тартуу мезгили да келди, Садыр иним. Эл ошону каалап жатат.
"ЭрК" партиясынын демилгесин сага дагы бир жолу эстетейин: сени жана элдин талабын колдогон саясий күчтөрдөн, юристтерден, экономисттерден, жаш лидерлерден, руханий күчтөрдөн конституциялык кенешме түзүп, Конституцияны негизинен 1993-жылдагы вариантына элдин кызыкчылыгын камтыган анча-мынча өзгөрүүлөр менен референдум аркылуу алып келели!
Бул тарыхий шансты колдон чыгарып салсак, анда дагы деле чоң өлкөлөрдүн көзүн тиктеген, өзүнүн элин бага албаган, табигый байлыктарын кийинки муундарга калтырбай сатып түгөткөн, жада калса жерлерибизди да коңшу өлкөлөргө берип салган өлкө катары кала беребиз!
Садыр иним, Кыргызстаныбыз дүйнөдө бирөө эле. Баарыбыз киришип, өлкөнүн тагдырын жакшы жакка өзгөртпөсөк - балдарыбыз, неберелерибиз кечирбейт. Катуу айтып алган болсом, мени кечирип кой. Бирок сөздү учурунда айтпасаң сөз атасы өлөт деген макалды даанышман ата-бабаларыбыз бекеринен айтпагандыр.
Садыр иним, сенин мекенчилдигиңе, сенин чечкиндүүлүгүңө, сенин эркиңе эч ким шек санабайт! Болгону элдин талабын тезирээк аткарып коюуга гана сени чакырып кеттим.
Терең урматтоо менен "ЭрК" партиясынын лидери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, тунгуч Акыйкатчысы (Омбудсмени) - Турсунбай Бакир уулу.
Бишкек, 17-октябрь.