"Мурда коом үчкө бөлүнчү: жакырлар, орто жашагандар жана байлар болуп. Орто жашагандардын катары көп болчу. Азыр алар азайды, коом экиге гана бөлүнүп калды: байлар жана жакырлар. Бул адилетсиздиктин көбөйгөнүн билдирет", - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, ал мурдагы президенттер тууралуу суроого жооп берип жатып, Кыргызстандын президенттери жакшылык көрүшпөгөнүн белгиледи. 

"Эки президентибиз качып жүрөт, бири түрмөдө отурат. Дагы бирин бүгүн ишин аягына чыгартпай туруп кетүүгө аргасыз кылдык. Бизге канча убакыт берилет билбейбиз, бирок канча убакыт берилсе да, ачык иштейбиз. Бул кызматка жыргайын, кыйын болойун деп келбедим, мамлекетке, коомго жардам берейин деп келдим. Силер да, журналисттер жардам бергиле, так жазгыла, чындыкты жазгыла. Коомубузду баарылап өзгөртөлү", - деди Ташиев.