Президенттин күтүүсүз отставкасы жана ЖК төрагасынын президенттин милдеттерин алуудан баш тартканы. Бул жагдайга кандай баа берүүгө болот? Коомдук ишмер Нургазы Анаркуловдун пикиринде, көпчүлүк депутаттардын азыр бийлик талашууга моралдык акысы жок. Анткени, баары элдин ишениминен чыккан.
Бул тууралуу ал КТРКнын түз эфиринде айтты.
“Мен көп жылдан бери Садыр Жапаровдун билдирүүлөрүнө, аракеттерине анализ жасап келем. Абдан мекенчил, эл дегенде күйүп-жанган жигит. Анын президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору, элдин колдоосуна арзыды. Азыр президенттин милдетин аткаруучу болбой, президенттик шайлоого барса, толук кандуу президент болуп шайланмак. Бирок ал ага карабай оор учурда өкмөттү жетектөөнү чечти. Учурда бардык тарапта кыйынчылык: экономика начар, бир жагынан пандемия. Ушундай чакта Садыр Нургожоевич жоопкерчиликти алып ишти баштаганын эрдик деп атоого да болот”, - деди Нургазы Анаркулов.
Ал эми өкмөт курамы тууралуу убакыттын тартыштыгы өкмөт башчыга командасын түп ордунан алмаштырууга мүмкүнчүлүк бербеди деп эсептейт.
“Азыр кайсы бир адамдарды алып келип, кайсы бирин кетире турган убак эмес. Эски кадрлардын көбүнүн ордунда калышы мезгилдин талабы болду. Жаңы адам келгенде ошол тармактын ишине сиңип, баарын билгиче убакыт керектелет, ал эми учурда Кыргызстанда мындай убакыт жок”, - деди ал.