Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго оор кырдаалды өлкөнү таштап качып кетпеген сабырдуулугу, даанышмандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сооронбай Жээнбеков өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалда мурдагы президенттерибиздей болуп качып кетпеди. Ал сабырдуулугу менен кырдаалды жөнгө салууга, өлкөнү укуктук талаага кайтарууга болгон күч-аракетин жумшады. Сооронбай Шариповичке сабырдуулугу, жарандыкдык жогорку позициясы жана даанышмандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кайрылуусунда президенттик кызматтан адам каны төгүлбөсүн деп кетип жатканын билдирди. Оор кырдаалда эл менен чогуу болгону үчүн ага экс-президенттик кепилдиктерди берүүнү сунуштайм. Сооронбай Шарипович, мындан ары да сиз менен мамлекеттин тагдырын жакшыртуу жаатында иштеше беребиз деп ишенебиз", - деди Канат Исаев.