Өмүрбек Текебаев бүгүн парламент жыйынында депутаттык ишмердүүлүгүнө киришүүгө ант берет. Ал кечээ, БШКнын чечими менен депутаттык мандатын кайтарып алган. Ал үчүн Садык Шер Нияз мандатын берген. 

"Бул менин саясий реабилитациям. Сот иштери бир жарым жылдан бери созулуп жатат, айрымдардын сот иши революциядан кийин бир түндө эле чечилип калат экен, менин иштеримдин чечилишине дагы бир айдай убакыт бар го. Оор кырдаалда парламентке келүү менен өлкөнүн мыйзамдуу нукка салынышына салым кошкум келди. Парламенттин азыркы чакырылышы дагы көп иштейт, жаңы чакырылыш шайланып келгиче. Юридикалык жактан реабилитацияланышым да алыс эмес, азырынча саясий реабилитацияны баштай беремин", - деп түшүндүрдү Текебаев мандатын кайтарып алуусунун себебин. 

Ошондой эле, ал президенттин отставкага кетүү арызын Жогорку Кеңеш токтом менен бекитип гана берээрин, жеке адамдын кабыл алган чечимине таасир бере албашын белгиледи. 

"Президент арызын кечээ жазды. Бүгүн аны парламент токтом менен бекитет. Андан кийин анын ыйгарым укуктары ЖК төрагасына, ал аткара албаса, анда расмий өкмөт башчыга өтөт. Ыйгарым укуктары бүгүн өтөт. Кечээ шашылыш жарыяланып калды. Президенттин кызматтан кетүү арызын парламент кайтара албайт, анткени ал жеке адамдын чечими. Болгону бекитип берет", - деди Текебаев.