"Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны болушу күтүлүүдө. Депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү келишти. Күн тартибинде - президенттин оставкага кетүү боюнча арызы каралат. Андан башка, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатты алгандыктан, ант берет. Үчүнчү- президенттин ыйгарым укуктарын алуучу талапкер каралат.
Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө арызын жазган.