Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү качан аягына чыгаары тууралуу ой бөлүштү. 

"Конституцияда так, даана жазылган: Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылга шайланат деп. Бир да күн ашык отурбаш керек. Эми маселе туулат: кайсы күндөн баштап эсептелинет? Туулган күн дейт эмеспизби, ошол сыяктуу. Бала төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген сыяктуу, юридикалык документ боюнча 6-чакырылыштын туулган күнү 2020-жылдын 15-октябры деп турат. Бул күнү БШКнын "жаңы чакырылыш төрөлдү" деген токтому чыккан. Кээ бирлер айтып жатышат, ант берген күндөн тартып эсептелинет деп. Анысына да мейли дейли, мыйзамда мындай да норма бар, анда 28-октябрда соңуна чыгат. Дагы бир норма бар, 71-беренеде айтылган, жаңы парламент келип өз ишин баштагандан кийин эски парламент ишмердүүлүгүн токтотот деп. Эмнеге дегенде биринен экинчисине ишмердүүлүк шыр өтүп, ортодо мыйзам чыгаруу бийлигинин ваакуму болуп калбасын делген. Бирок бул тынч мезгилге тиешелүү. Азыр кырдаал курчуп, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, туруксуздук орун алып жаткан чакта мыйзамдар бири бирине каршы келип, светофордогу машинелердей сүзүшүп калды. 6-чакырылыштын мөөнөтү беш жылдан өтүп кетти дейин десең, жаңы шайланган чакырылыш жок. Мындай учурда эмне кылуу керек? Парламенттин учурдагы чакырылышы каргашалуу окуяларга алып келген шайлоо мыйзамдарын өзгөртүшү керек: форма №2ни жокко чыгарып, күрөө суммасын, босого чегин азайтып, жок дегенде өзүн өзү реабилитациялап, сөөгүн агартып, элден кечирим сурап, татыктуу шайлоо мыйзамын бекитип кетишсе жакшы болмок. Алтынбек Сулайманов бул боюнча айтып чыкса, баары таранчыдай туш-тушка качып кетишти. Анткени, аларга форма №2 ыңгайлуу, азыркы система ыңгайлуу, кайра эле ошол жол менен парламентке келүүнү көздөшөт",- деди Алмамбет Шыкмаматов.