Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта өтүп жаткан митингге премьер-министр Садыр Жапаров чыкты.
"Урматтуу, мекендештер. Мен сиздерди жеңишиңиздер менен куттуктайм. Бүгүн баары өз ордуна келди. Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти, парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу болгон жок. Эми президенттин милдеттери жана премьер-министрдин милдеттери мага өттү. Сиздердин ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Садыр Жапаров митингчилерге.
Ошондой эле, ал митингчилерден тарап кетүүсүн өтүндү.