Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанындагы аянтка чогулган митингчилер парламенттин тарап кетишин талап кыла башташты. Белгилей кетсек, митингчилер эски аянтка "Ысык-Көл" мейманканасынын жанынан келишип, топтолушту.
Нааразычылык акциясына чыккандар талаптары аткарылмайынча эч кайда кетпей тургандыктарын кыйкырышууда.