Кыргызстандыктардын паспортуна кайрадан улуту деген графа киргизилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди. 

"Улуту" графасын паспортко кайтаруу демилгеси "Мекенчил" партиясынын программасында болгон. Мен бул маселени эки күндө чечтим. Эми ким кааласа, улутун көрсөтө алат, каалабаган адам көрсөтпөй деле кое берет. Техникалык себептерден улам жаңы паспорттун үлгүсү 90 күндөн кийин бериле баштайт", - деди Садыр Жапаров.