Дайыма Садыр Жапаровдун жанында жүрүп, аны кандай кырдаалда болбосун колдоп келген досу Камчыбек Ташиев кайсы кызматка барат? Мындай суроо маалымат жыйынында премьер-министр Садыр Жапаровго берилди. 

"Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин эки чакырылышында чогуу болгом. Мен анын дараметин жакшы билем. Кандай тармак болбосун алдыга чыгарып кетүүгө күчү, акылы, билими жеткен кадр. Убагы келгенде дайындалат", - деди Садыр Жапаров.