Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда маалымат жыйынын өткөрдү. Анда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Раимбек Матраимовдун кайда экенин билбей турганын айтты. 

"Айрым маалыматтарга караганда, ал тополоң башталган биринчи күнү эле башка өлкөгө чыгып кеткен. Улан Ниязбековдун Матраимовдор менен байланышы бар дегенге кошулбайм. Ал ИИМ тармагында 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштейт. Жаш кадр, ошондуктан тандадым. Бул дайындоо убактылуу экенин белгилей кетейин, эмгек жамаатка да ушинтип айттым. Эгер ушул убакыт аралыгында өзүн көрсөтө алса, калат. Ким кимдин кадры - Матраимовдун, Атамбаевдин, Акаевдинби - унуталычы. Жакшы кадрды дайындаш керек", - деди премьер-министр.