“Ата-Мекен” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатты кайтарып берүү тууралуу арыз берген. БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдирүүсү боюнча, маселени кароо үчүн бош мандаттын болуусу керек экен. “Бош мандат болсо, ошону өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасак деген чечимге келдик”,- деп айтты Бекматов. Ошондой эле ал “жыйынга БШК мүчөлөрү жетиштүү санда катышкан эмес”- деп да кошумчалады. БШК мындай чечимин чыгарар менен “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты. Саясатчы бул кадамын өз мандатын Өмүрбек Текебаевге берүү максаты менен түшүндүрдү: “Биздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурда фракцияда “депутаттык вакансиялык мандат жок” деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Анткени, бүгүнкү күнү парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж. Мен БШКнын төрайымына арызымды да дал ушундай максатты көздөп, мандаттан баш тартканымды ачык билдирип жаздым. Эгер эртеў алар бүгүнкү чечиминен баш тартып, мен бошоткон орунду да Текебаевге бербей, оюн кыла турган болсо, анда арызым күчүн жоготот”. Эми Текебаев кайрадан депутат болуп калса, парламентте кандай өзгөрүүлөр болуп кетер экен?
Булак: "Майдан.kg" газетасы