Депутат Мыктыбек Абдылдаев 6-чакырылыш парламенттеги ишмердүүлүгүн улантууга моралдык акысы калбады деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-октябрда "Ала Арча" резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Эл катуу толкуду. Элдин нааразычылыгы эмнеде экенин билебиз. Ушундай кырдаалга жол берген бизге, 6-чакырылыштын депутаттарына ишмердүүлүгүн улантууга негиз жок", - деди Абдылдаев. 

Бирок спикер Канатбек Исаев депутаттын бул пикирин колдогон жок. Анын айтымында, шайлоого карата кайсы бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө туура келип калышы мүмкүн. Ошондуктан парламент ишмердүүлүгүн улантууга тийиш. 

"Элдин нааразычылыгын шайлоо жаратканын билебиз. Шайлоо күнү белгиленгенге чейин иштешибиз керек. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарыл", - деди Канатбек Исаев.